Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театры Азербайжандын борбору Баку шаарында өтө турган фестивалга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму уюштурган фестивалга облустук театр Султан Раевдин «Күн кармаган бала» спектакли менен катышат.
Айта кетсек, бул спектакль 2023-жылы Бишкекте өткөн «Арт-Ордо» IX эл аралык фестивалында баш байгени багындырган.