Биз менен байланышыңыз

Израил Түркиядан дипломаттарын чакыртып алды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2023 | 558 | 0

Стамбулдун борборунда Газа тилкесин колдоо митингинен кийин Израил Түркиядагы дипломаттарын чакыртып алды. Бул тууралуу бир катар басылмалар жазышты.

28-октябрда болгон акцияга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышып, Израилди ондогон жылдар бою согуш кылмыштары үчүн айыптап, өлкөнү «баскынчы» деп атады.

Эрдоган Түркия ар дайым муктаж болгондорго жардам берип келерин айтып, Батыш өлкөлөрүн согушта эл аралык укукка кайрылууну каалашпайт деп айыптады.

Израилдин тышкы иштер министри: «Түркиядан келген билдирүүлөрдүн олуттуулугун эске алып, Израил менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди кайра карап чыгуу үчүн дипломаттарыбызды чакыртып алууну буюрдум», — деп билдирди.

Түрк президенти Израил бийлигин Палестина жана Газа тилкеси боюнча аракеттери үчүн бир нече жолу сынга алган. Эрдогандын айтымында, Хамас Тель-Авивге ишенгендей террордук уюм эмес, боштондук кыймылы.

Газа: Он жыл мурунку кыргын эскерилди

Газа секторунда интернет жана мобилдик байланыш толук өчтү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM