Биз менен байланышыңыз

Газа секторунда интернет жана мобилдик байланыш толук өчтү

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2023 | 267 | 0

Палестинанын расмийлери Газа секторунда интернет жана байланыш толук өчүрүлгөнүн билдирди.

CNN интернетти мониторинг кылган топторго таянып, Газа секторунда тышкы дүйнө менен байланыш толук үзүлгөнүн жазды.

Ал эми Газа сектору жана Батыш Шерияны интернет жана мобилдик байланыш менен камсыздаган Paltel провайдери «Биз Газа секторундагы бардык байланыштардын өчүп калганы тууралуу маалыматты жарыялап жатканыбызга өкүнүп турабыз. Соңку бир саат ичиндеги катуу бомбалоонун айынан эл аралык каналдардын баары жок болду» деп билдирүү жазды.

Калифорнияда жайгашкан Kentik компаниясынын интернет боюнча адистешкен бөлүмүнүн директору Дуг Мэдори CNN’ге берген маегинде, Газадагы соңку абалды эсепке алганда интернет байланышын калыбына келтирүү бир канча күндү алат деп божомолдоду.

Белгилей кетсек, кечээ 27-октябрдын кечинде Израил газа секторуна карата «аскердик операциясын» баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM