Биз менен байланышыңыз

Реализм, импрессионизм ыкмалары менен тартылган Жети акенин портреттери (сүрөттөр)

Коом | 28 Окт 2023 | 499 | 0

Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарында Жети акенин портреттеринин көргөзмөсү Кыргыз улуттук тарых музейинде болду. Ага Маданият министринин орун басары Марат Тагаев, коомдук ишмерлер, сүрөтчүлөр жана жети акенин урпактары катышты.

Маалыматка караганда, сүрөтчү Абазбек Апиев XVIII-XIX-XX-кылымдарда Ысык-Көл өрөөнүндө жашап өткөн даңазалуу тарыхый инсандар — жети акенин портреттерин жаңыча көз карашта, жаңыча изденүүлөр менен сүрөт өнөрүндөгү реализм, импрессионизм ыкмаларын пайдаланып тартып чыккан.

Анын айтымында, бул эмгекти жаратууга эки жарым жыл убакыт кеткен. Ал аралыкта автор ар кайсы булактардан, жети акенин урпактарынан маалымат алып, алар менен тыгыз иштешкен.

«Жети акенин портреттерин тартуунун негизги максаты- алдыда өсүп келе жаткан жаштарга сабак катарында жана келечекти билүү үчүн, алга карай кадам ташоо үчүн тарыхты да билүү эң негизги нерсе. Ошон үчүн тарыхта элине, жерине кызмат кылган улуу инсандардын элесин көрсөтүп, келечекке сабак болсун деген ойдо жараттым». 

Ошондой эле ар бир портреттин QR коду бар, ал аркылуу кирип акелер тууралуу маалымат алса болот.

Автор жети акенин ичинен жалгыз гана Кыдыр акенин бир сүрөтү фотоаппаратка тартылып калганын, калгандарынын элеси эл оозунда гана айтылып калганын айтты. Маалыматтарды элден, урпактарынан, тарыхчылардан чогултканын кошумчалады.

КЫДЫР АКЕ 

Тарыхчы, «Мурас» фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов жети акенин портрети алгачкы жолу тартылганын айтты. Ал ар бир  сүрөттө ар бир акенин тарыхтагы орудуна, мүнөзүнө, касиетине жараша тартылганын кошумчалады.

«Ооздон оозго, уламыштан-уламышка айланып келген жети акенин сапатын, күнү бүгүнкүдөй сактап, жалпы кыгыз тарыхына, коомчулукка алып чыгып көрсөтүү бул- чоң эрк. Бул жерде QR код менен болгону да башкалардан айырмалап  турат. Бул азыркы замандын талабы, Жети аке тууралуу жакшы маалыматтарды киргизип коюгону аябай жакты. Бул жаштар үчүн өтө пайдалуу маалымат». 

 

Ошондой эле педогогика илимдеринин доктору, профессор, коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова бул эмгектерди бир гана Ысык-Көл аймагына эле жайылтпастан, алпы өлкө боюнча жайылтуу керек деген ойдо.

Бишкек шаарында Жети акенин портреттери Улуттук музейде бир канча күн көрсөтүлөт. Буга чейин Каракол шаарында көрсөтүлгөн. Иш-чаралар жыйынтыкталгандан кийин сүрөттөр Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы акелердин ысымын алып жүргөн жети мектепке белекке берилет.

ЖЕТИ АКЕНИН ПОРТРЕТТЕРИ:

КАРАЧ АКЕ

САДЫР АКЕ 

МОЙТ АКЕ 

КАРГА АКЕ 

САРТ АКЕ 

ТИЛЕКМАТ АКЕ 

Copyright © 2017 Maral FM