Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарында Жети акенин портреттеринин көргөзмөсү Кыргыз улуттук тарых музейинде болду. Ага Маданият министринин орун басары Марат Тагаев, коомдук ишмерлер, сүрөтчүлөр жана жети акенин урпактары катышты.
Анын айтымында, бул эмгекти жаратууга эки жарым жыл убакыт кеткен. Ал аралыкта автор ар кайсы булактардан, жети акенин урпактарынан маалымат алып, алар менен тыгыз иштешкен.
Ошондой эле ар бир портреттин QR коду бар, ал аркылуу кирип акелер тууралуу маалымат алса болот.
Автор жети акенин ичинен жалгыз гана Кыдыр акенин бир сүрөтү фотоаппаратка тартылып калганын, калгандарынын элеси эл оозунда гана айтылып калганын айтты. Маалыматтарды элден, урпактарынан, тарыхчылардан чогултканын кошумчалады.
КЫДЫР АКЕ
Тарыхчы, «Мурас» фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов жети акенин портрети алгачкы жолу тартылганын айтты. Ал ар бир сүрөттө ар бир акенин тарыхтагы орудуна, мүнөзүнө, касиетине жараша тартылганын кошумчалады.
«Ооздон оозго, уламыштан-уламышка айланып келген жети акенин сапатын, күнү бүгүнкүдөй сактап,
Ошондой эле педогогика илимдеринин доктору, профессор, коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова бул эмгектерди бир гана Ысык-Көл аймагына эле жайылтпастан, алпы өлкө боюнча жайылтуу керек деген ойдо.
Бишкек шаарында Жети акенин портреттери Улуттук музейде бир канча күн көрсөтүлөт. Буга чейин Каракол шаарында көрсөтүлгөн. Иш-чаралар жыйынтыкталгандан кийин сүрөттөр Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы акелердин ысымын алып жүргөн жети мектепке белекке берилет.
ЖЕТИ АКЕНИН ПОРТРЕТТЕРИ:
КАРАЧ АКЕ
САДЫР АКЕ
МОЙТ АКЕ
КАРГА АКЕ
САРТ АКЕ
ТИЛЕКМАТ АКЕ