Биз менен байланышыңыз

Бишкекте палестин элине тилектештик билдирген митинг өтүп жатат (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 28 Окт 2023 | 431 | 0

Бүгүн Бишкектин Горкий скверинде палестин элине тилектештик билдирген митинг өтүп жатат.

Тынчтык митингине 500дөн ашык адам катышууда. Митингдин уюштуруучусу «ЭрК» саясий партиясы. Анын жетекчиси мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу. Митингге Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, бир катар диний ишмерлер катышууда. Катышуучулар «Палестинага эркиндик», «Геноцидди токтоткула» деген чакырыктарды таштоодо.

Ошондой эле акчалай жардам чогултулуп жатат. Жакында Кыргызстандан Палестинана алгачкы гуманитардык жардам жөнөтүлө турганын митингдин уюштуруучулары билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM