Connect with us

2024-жылды «Заманбап Кыргыз мамлекетинин жылы» деп жарыялоо сунушталды

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 2108 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков 2024-жылды «Заманбап Кыргыз мамлекетинин жылы» деп атоону мамлекет башчысына сунуштады.

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Элдик» топ фракциянын он мүнөттүк убактысын сурады. Жалпы добуш менен уруксат берилгенден кийин топтун мүчөсү Кубанычбек Самаков борбордук трибунадан баяндама жасады.

Депутат өз сөзүндө 2024-жылы 14-октябрда СССРдин курамында Кара кыргыз автономдуу облусу түзүлүп, кыргыз эли байыртан тамыр алган жаңы шарттагы мамлекет түптөөгө киришкенин, буга байланыштуу 2024-жыл Кыргызстанда юбилейлик жыл болуп эсептелерин белгиледи.

Аны менен катар айтылган 100 жыл аралыгында Кыргызстан басып өткөн тарыхый жолду, окуяларды бир баштан санады.

«Айрымдар айтышы мүмкүн «майрамдачу учур эмес» деп. Менин оюмча, 2024-жылы биз үчүн майрамдачу жыл эмес, отчёттук жыл болууга тийиш. Ар бирибиз: президенттен баштап катардагы жарандарга чейин, улуу муундан баштап өспүрүмдөргө чейин элибиз кандай татаал жана дем берүүчү жолду басып өткөнүн эстегидей болсун. Элибиз карытып отурган кылымды талдап чыгалы. Бул жыл бизге майдачыл болбой, күнүмдүк саясаттан жогору көтөрүлгөнгө түрткү берет. Шашма, тар көз караштан арылтат. Алдым-жуттумдан арылтып, бийик максаттарга багыттайт. Замандаштарбызды элибиздин тагдырына кеңири, тарыхый көз карашта кароого чакырат. Бүгүн бизге инвестициялар менен гранттардан да керектүү болгон нерсе бул — тарыхый процесстердин маңызын терең түшүнүү», — деди депутат.

Аны менен катар демилге колдоо тапса, аткарыла турган иштерди сунуштады:

  1. Иш-чаралардын жалпы республикалык планын түзүү;
  2. Адистер катышкан конференцияларды өткөрүү;
  3. Багыттуу макалаларды жарыялоо; атайын эфирлерди уюштуруу;
  4. Окуучулар, студенттер арасында сынактарды жарыялоо.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM