Биз менен байланышыңыз

Президент автотранспорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 223 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Жапаров белгилегендей, автомобиль транспорту жана жол чарба тармагы – өлкөнүн бирдиктүү транспорттук тутумунун жана өндүрүштүк инфратүзүмүнүн маанилүү бөлүгү. Анын туруктуулугу менен натыйжалуулугу экономиканын өсүшүн, калктын жашоо деңгээлин жакшыртуунун зарыл шарты болуп эсептелет.

«Буга чейин жолдор насыяга, чет элдик компаниялардын жардамы менен салынып келсе, эми өлкө жолдорун курууга ата мекендик ишканалар тартыла баштады. Жолдорду оңдоо жана куруу үчүн жана эбак эскилиги жетип, жарактан чыккан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык базасын жаңылоо үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 700гө чукул жаңы техника сатып алуу пландалып, анын 298и алынып келинди. Стратегиялык маанидеги жолдорду салуу менен өнүккөн жол транспорт тутумун түзүп, бара-бара транзиттик өлкөгө айлануудабыз», — деди президент.

Мындан сырткары Жапаров сүйгөн кесибине өмүрүнүн кырчын курагын арнап, мол тажрыйба топтоо менен өз ишинин кесипкөйү катары мыкты адис-шакирттерди тарбиялап өстүрүп, тармактын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошуп келаткан ардагерлерге терең ыраазычылык билдирерин айтты.

«Урматтуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери, сиздердин тыным албаган эмгегиңиздердин натыйжасында Кыргызстан эли жакынкы келечекте мезгилдин талабына жооп берген заңгыраган заманбап жолдор менен транспорттук сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө ээ болоруна бекем ишенем», — деди Жапаров.

 

Copyright © 2017 Maral FM