Биз менен байланышыңыз

Депутаттар бир күндүк эмгек акысын Палестина элине которот

Кыска кабар | 23 Окт 2023 | 343 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк эмгек акысын Палестина-Израиль чыр-чатагынын курчуп кетүүсүнөн улам жабыр тарткан палестина элине материалдык жардам катары которот.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынганы 23-октябрда маалым болду.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторунун Саламаттыкты сактоо министрлиги 7-октябрдан бери аймактын тургундарынын арасында жоготуулар боюнча жаңы маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, 4651 адам мерт болду, анын ичинде 1873 бала, 1101 аял, 1677 эркек набыт болгон.

Кыргызстандын депутаттары Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин өткөн аптада көтөрүшкөн. Тышкы иштер министрлигинде атайын эсеп ачуу сунушталган.

23-октябрда BBC орус кызматынын жазганына караганда, Египеттин Кызыл Жарым Ай уюму Рафах чек ара бекети аркылуу гуманитардык жардамдын үчүнчү партиясы жеткирилди.

20 жүк ташуучу унаадан турган биринчи жардам 21-октябрь күнү, 14 унааны камтыган гуманитардык жардам Газа тилкесине 22-октябрда жеткирилген.

Израил-ХАМАС: Кыргызстандын позициясы кандай болушу керек?

Copyright © 2017 Maral FM