Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жети акенин портреттеринин көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 23 Окт 2023 | 365 | 0

28-октябрда Бишкек шаарында жети акенин портреттеринин көргөзмөсү болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка караганда, сүрөтчү Абазбек Апиев XVIII-XIX-XX-кылымдарда Ысык-Көл өрөөнүндө жашап өткөн даңазалуу тарыхый инсандар — жети акенин портреттерин жаңыча көз карашта, жаңыча изденүүлөр менен сүрөт өнөрүндөгү реализм, импрессионизм ыкмаларын пайдаланып тартып чыккан.

Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук тарых музейинде саат: 15:00дө өтө турган көргөзмөгө жети акенин портреттери коюлат. Иш-чаралар жыйынтыкталгандан кийин сүрөттөр Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы акелердин ысымын алып жүргөн жети мектепке белекке берилет.

Ысык-Көлдө жети акенин портреттеринин көргөзмөсү өтөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM