Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жети акенин портреттеринин көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 16 Июн 2023 | 394 | 0

1-июлда Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында жети акенин портреттеринин көргөзмөсү болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сүрөтчү Абазбек Апиев XVIII-XIX-XX-кылымдарда Ысык-Көл өрөөнүндө жашап өткөн даңазалуу тарыхый инсандар — жети акенин портреттерин жаңыча көз карашта, жаңыча изденүүлөр менен сүрөт өнөрүндөгү реализм, импрессионизм ыкмаларын пайдаланып тартып чыккан.

«Көргөзмөнүн максаты: жалпы коомчулукка, өзгөчө жаш муунга кыргыз тарыхында маанилүү орду бар жети аке феноменин, анын баалуулугун чагылдыруу жана жаюу, ошондой эле бул феноменди Ысык-Көл облусу менен гана чектебестен жалпы улут байлыгы катары баалоого үндөө», — деп айтылат билдирүүдө.

Ачылыш салтанат Каракол шаарындагы «Карагат» мейманканасынын жыйындар залында саат 12:00дө башталат. Иш-чаранын алкагында илимий-практикалык конференция да өтөт. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган бийлик өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун, Каракол шаарынын жетекчилиги, КР сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү, бир катар көрүнүктүү инсандар катышары кабарланды.

Ушул эле көргөзмө Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук тарых музейинде да өтүп, андан соң портреттер жети акенин атын алып жүргөн жети орто мектепке белек кылынат.

КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, союздун Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн жетекчиси Абазбек Апиев 1981-жылы Жети-Өгүз районунун Чырак айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайын, кийинчерээк Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

2009-жылы Орто Азияда биринчи жолу уюштурулган, Ислам тарыхында жогорку даражага ээ болгон сүрөт көргөзмөгө Мухаммад пайгамбарга тиешелүү буюмдарды живопись жанрында тарткан «Ыйык аманаттар» чыгармалар топтому менен катышкан. Андан тышкары да бир катар республикалык, эл аралык көргөзмөлөргө эмгектери коюлуп, өзү да жеке көргөзмөлөрүн уюштуруп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM