Connect with us

Кыргызстан менен Түштүк Корея энергетика тармагында кызматташат

Кыска кабар | 21 Окт 2023 | 206 | 0

Кыргызстан менен Түштүк Корея энергетика тармагында кызматташат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 20-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Түштүк Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва Чжин менен жолугушкан.

Кыргызстандын министри өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгү, ири жана чакан ГЭСтер, долбоорлор, реформалар, мыйзамдар, Бишкекти каптаган ыш көйгөйү боюнча маалымат берип, бул тармактагы айрым маселелерде тажрыйба алмашууну сунуштаган.

Түштүк Кореянын министри жашыл энергетика жана ыштан арылуу жаатында өз өлкөсүнүн тажрыйбасы мол экенин белгилеп, сунушка макулдук берген.

Жыйынтыгында тараптар «Энергия алуунун жаңы булактары боюнча кызматташуу жөнүндө» Меморандумга кол коюшкан.

Меморандумдун максаты климаттык өзгөрүүлөргө чогуу чара көрүү, табиятка зыянсыз энергиянын жаңы булактарын биргелешип өндүрүү, бул жаатта кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM