Connect with us

Бишкекте Газанын тургундарын колдоо митинги өттү

Кыска кабар | 21 Окт 2023 | 181 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Бүгүн, 21-октябрда Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы сейил бакта Газадагы палестиндерди колдоо акциясы өттү. Бул тууралуу «Азаттык» сайты жазды.

Чогулган 100дөн ашуун адам «Согушка жол жок» деген ураан баракчаларды көтөрүп, Газадагы элге жардам берүү үчүн атайын эсеп ачууну демилгелешти. Митинг өткөн жайды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушту.

Айта кетсек, Газа тилкесине гуманитардык жардам жөнөтүүнү 18-октябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айрым депутаттар да сунуштаган.

Эске салсак, 7-октябрдын таңында ХАМАС кыймылы Израил аймагына чабуул жасап, 1400дөй адамды кырып, дагы бир нечесин туткунга алган. Израил бийлиги өлкөсүнө «согуштук абал» жарыялап, Газа секторуна абадан сокку урган. Эки күндөн кийин Израил аскердик аракеттерди чектөөгө алып, Газа секторуна чабуулга өткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM