Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште Палестинага жардам жиберүү маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 18 Окт 2023 | 513 | 0

Жогорку Кеңештин 18-октябрдагы жыйынында Палестинанын согуштан жабыркаган элине жардам берүүнүн жолдорун кароо маселеси көтөрүлдү.

Депутат Жалолидин Нурбаев палестиндерге кантип жардам берүүнү сурап, кайрылгандар көп болуп жатканын айтып, Тышкы иштер министрлигинде атайын эсеп ачууну сунуштады.

Дагы бир депутат Айбек Осмонов дары-дармек, гуманитардык жардам жиберүүнүн жолун кароону өтүндү жана Жогорку Кеңеш өз позициясын билдирип коюушу керектигин айтты.

Ал эми эл өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев Палестина эли үчүн Кыргызстанда эч ким үн катпай жатканын сындап, согушка, өлүмгө каршы позиция билдирүүнү, ал эми депутаттарга бир күндүк маянасын бөлүүнү сунуштады.

«Баарыбыз мусулманбыз дейбиз, бирок эч кимибиз үн катпай элебиз. Жер-жерлерде согушка каршы флешмобдор өтүп жатат. Американын өзүндө эле чоң окуу жайлардын профессорлору согушка каршы ойлорун билдиришүүдө. Биз дагы жарандык коом менен бирге адам өлүмүнө каршы экенибизди билдирип койсок. Анткени бизге коңшу мамлекет кол салганда кандай кыйынчылыкты көргөнбүз. Өлкө ичиндеги жардамдарды кандай жылуу кабыл алганбыз. Палестинадагы боордошторго да гумжардам жиберип койсок», — деди депутат Кыдыкбаев.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев мусулман дүйнөсү буга эч качан кайдыгер карабашы керектигин жана гуманитардык жардам жиберүү маселеси караларын айтты.

17-октябрда Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израил армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Аль-Ахли ооруканасына кол салганын билдирди. Палестиналык булактардын маалыматына караганда, 500дөй киши набыт болду.

Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчысы Том Бейтман жергиликтүү тургундарга таянып билдиргендей, жүздөгөн ички жер которгон адамдар оорукананын аймагында баш калкалоодо.

Газа бийликтери буга чейин аба соккусу үчүн Израил армиясын айыптап, кеминде 500дөй киши өлгөнүн кабарлаган. Израилдин Коргоо күчтөрүнүн айтымында, Аль Ахли ооруканасы «Исламдык Жихад» тобу атылган ракетадан талкаланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM