Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда визасыз жүрүү тартибине өзгөрүү кирди

Кыска кабар | 21 Окт 2023 | 551 | 0

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартиби боюнча кабыл алынган жаңы эрежелер бүгүн, 21-октябрдан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Буга чейинки тартипте чет элдик жарандар Кыргызстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрүп, мөөнөт бүткөндөн кийин башка өлкөгө чыгып кетип, кайра кирип, дагы 30 күн эркин жүрүп келишкен. Жаңы тартипке ылайык, эми алар 90 күн каттоосуз жүрсө болот. Мөөнөт бүткөндөн каттоого турушу же өлкөдөн чыгып кетиши кажет. Кайра да каттоосуз жүрүү үчүн чыгып кеткенден 90 күндөн кийин гана Кыргызстанга кайтып келе алышат.

Бул тартип ЕАЭБ мамлекеттерине да тиешелүү болуп, алар Кыргызстанда 90 күндөн ашык жүрүүнү ниет кылса, сапардын максатына жараша уруксат кагаздарын алууга тийиш. Документтерге жашаган жери боюнча каттоо, убактылуу жашап турууга уруксат, «Кайрылман», «Мекен-карт» макамдары кирет.

Ошол эле учурда Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан мамлекеттеринин жарандарын 180 күндөн ашык мөөнөткө каттоого уруксат берилбейт. Бирок сапардын максатына жараша узартып алууга укуктуу болот.

Аны менен катар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын басылмаларында тарап жаткан «Орусия жарандары үчүн visa-run системасы жоюлганы тууралуу» маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Министрликтин айтымында, Кыргызстанга жеке максаттары менен кирген Орусия жарандарын баштапкы каттоо 180 күнгө толтурулат. Бул алардын укугун чектебейт. Тартип чет элдиктердин Кыргызстанда жүрүүсүн иретке салуу максатында кабыл алынган.

Бул жаңы тартипти ушул жылдын 10-октябрында Министрлер кабинети бекиткен.

Visa-run — визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу үчүн өлкөдөн чыгып, кайра кайтып келүү мүмкүнчүлүгү.

Айта кетсек, Казакстан Visa-run режиминен ушул жылдын январь айында баш тартып, 90 күндүк каттоосуз жүрүү, 180 күндөн ашык мөөнөткө каттабоо тартибин кабыл алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM