Биз менен байланышыңыз

Аймактарда медицина кызматкерлери жетишсиз бойдон калууда

Ден соолук , Экономика | 20 Окт 2023 | 3592 | 0

Кыргызстандын облустарындагы ооруканаларда дарыгерлер жетишсиз болууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир жыл ичинде 1500 дарыгер ишинен кеткен. Ошондой эле өткөн жылы өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдарына 1 миң 771 дарыгер жана 4 миң 260 атайын орто билимдүү адис жумушка алынса, 1 миң 592 дарыгер жана 3 миң 908 атайын орто билимдүү адис жумуштан кеткен. Министрлик кадр маселесин чечүү үчүн бир катар иш-чараларды аткарып жатканын билдирди. Ал эми адистер бул көйгөй көп жылдан бери көтөрүлүп, эч кандай майнап чыкпаганын айтышууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 1700 дарыгер жетишпейт. Айрыкча аймактарда жайгашкан ооруканаларда кызматкерлердин саны аз экени белгилүү.

Медицина тармагы боюнча адис Базарбай Гапаров бул маселе 30 жылдан бери көтөрүлүп келгенин айтат.

Ал медицина жаатындагы кадрлардын жетишсиздигине эмгек акынын аз болгонун жүйө келтирди.

Анын айтымында, башка тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөнү менен дарыгерлердин эмгек акысы көтөрүлбөй жатат.

Мындан тышкары адис медкызматкерлердин көпчүлүгү жеке менчик ооруканаларга жумушка кирип жатканын белгиледи.

«Эмне үчүн бизде кадрлар жетишсиз болуп жатат. Биринчи кезекте — айлык маселеси. Башка мамлекеттик мекемелерге караганда айлык аз. Ошон үчүн да жумуштан кеткендер көп. Бул маселени бир топ жолу көтөрдүк. Бирок айлык көтөрүлгөнү менен айланып келип эле кыскарып кетип жатат. Учурда Казакстанга, Түркияга, Орусияга барып иштеп жаткандар көп. Себеби ал жакта айлык жакшы. Мындан тышкары өлкөдө жеке ооруканалар бар. Айлык жакшы болгондуктан, шарт жакшы болгондуктан, ал жактарда иштеп жатышат».

Министрликтин маалыматына боюнча өлкөдө пенсиялык жана пенсияга чейинки курактагы дээрлик 4 миң дарыгер бар. Алардын 3 миң 15и пенсионерлер, 854ү пенсияга чейинки курактагылар.

Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев жаш кадрлардын жетишпегенинин бир топ себептери бар экенин белгиледи.

Султангазиев бүгүнкү күндө даргерлердин укуктары жетиштүү деңгээлде корголбой жатканын айтат.

Мындан сырткары ал министрлик кайсы тармактагы медиктер аз экенин аныктап, ошого карата көйгөйдүн чечүү жолдорун карашы керектигин кошумчалады.

Ошондой эле адис жаш дарыгерлерди жумушка тартуу, кызыктыруу максатында атайын жеңилдиктерди берүү керектигин айтты.

«Баягы эле каражат маселеси каралышы керек. Жаш дарыгерлер жаңы жумушка киргенде аз акча алышат. Себеби базалык чен менен берилет. Башкача айтканда, 7000 сомдун тегерегинде каралат. Ал жактан-бул жактан кошулуп отуруп, колуна 12 миң же 10 миң сом гана алышат. Бүгүнкү күндө бул акчага ким жашай алат? Алты жыл негизги, ординатура эки жыл, жалпы сегиз жылдай окушат. Он сегиз жаштан баштап жыйырма алты-жыйырма жети жашка чейин окушат. Андан кийин үй-бүлө курушу керек, аларды багышы керек. Ошондуктан 10-12 миң айлык эч нерсеге жетпейт».

Саламаттык сактоо министрлигинин кадр иштери жана иш кагаздарын жүгүртүү бөлүмүнүн башчысы Елена Абдразакова аймактарда көбүнчө дарыгерлер жетишпей жатканын тастыктады.

Ал бул көйгөйдү чечүү максатында министрлик тарабынан атайын программалар иштелип жатканын белгиледи.

Министрликтин өкүлү кадрларды көбөйтүү үчүн каражат жетишсиз экенин, бул боюнча Финансы министрлигине бир канча жолу кайрылышканын, бирок майнап чыкпаганын айтты.

«Кадрлардын жетишсиздиги боюнча маселени чечүү максатында «Жаш дарыгердин депозити» деген программа иштейт. Анын алкагында врачтардын айлыгына акча кошулуп берилет. Андан сырткары ординатураны бүтүп жаткандарга бөлүштүрүү программасы бар. Анын алкагында жыл сайын аларды аймактарга бөлүүгө аракет кылабыз. Учурда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Нарындын Ат-Башы районунда, ошондой эле Ысык-Көлдүн Ысык-Көл районунда врачтар жетишсиз болууда. Биз ал жакка вахта методу менен Бишкектен врачтарды командировкага жөнөтөбүз. Бир айдан эки айга чейин кезек менен барып турушат. Бирок бул да көйгөйдү толук чечпейт».

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча көйгөй кандай чечилип жатканы тууралуу маалымат берген.

Анын айтымында, «Жаш дарыгердин депозити» программасына 175 адис катышып, аларга чейрек сайын аймакка жараша 32-35 миң сомдон кошумча каражат берилет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 1700 дарыгер жетишпейт.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген жогорку билимдүү медициналык адистердин жалпы саны 13 миңдин тегерегинде.

Copyright © 2017 Maral FM