Биз менен байланышыңыз

Президент: Айыл чарба кызматкерлери өлкөдөгү негизги жүктү көтөрүүдө

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 456 | 0

Бүгүн, 20-октябрь — Кыргызстанда агроөнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров атайын куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мал чарбачылыгы менен дыйканчылык Кыргызстанда ондогон кылымдар бою калыптанган негизги тармак экенин белгилеп, бул тармактын кызматкерлери өлкөдөгү негизги жүктү көтөрүп жүрөрүн айтып өткөн.

«Кыргызстандын ондогон кылымдар бою калыптанган мал чарбачылыгы менен дыйканчылыгы биздин агрардык өлкө экенибизди айгинелеп турат. Айыл чарба тармагынын кызматкерлери өлкөбүздө негизги жүктү көтөрүп, бул тармакты ар тараптан өнүктүрүүгө шарт түзүп, жаңы демилгелер менен жакшы жышааналарды жаратууга жасаган далалаттарын баалабай коюуга болбойт. Айыл чарба жааты жаңы ишканаларды ачуу, жаңы жумуш орундарды түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен мамлекеттин экономикасынын негизи болуп келген, боло берет.

Бүгүнкү күндө мамлекетибизде өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылыгы, балык чарбачылыгы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо жана импорттоо, бул жаатта инновациялык технологияларды киргизүү сыяктуу агрардык тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары акырындап жолго коюлууда. Ирригация жана мелиорация, токой чарбачылыгы, ветеринария, механизация, химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин, органикалык айыл чарбасы, аларды санариптештирүү тармактарында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү колго алынууда.

Аталган сектордун маанилүүлүгүнө басым жасоо аркылуу мамлекет дыйкандар менен фермерлерге жана айыл чарба тармагындагы кайра иштетүүчүлөргө жагымдуу шарттарды жаратып, «Айыл чарбасын каржылоо» жана «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» сыяктуу программалар менен айыл чарбасына колдоо көрсөтүүдө. Сиздер менен биргелешкен аракеттерибиздин аркасында айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө жаңы технологиялар менен стандарттарды киргизип, чет өлкөлөргө экспорттоого түрткү берип, өлкөбүзүн чет элдик рыноктордогу позициясын бекемдөө аркылуу айыл чарба өндүрүшүбүздү жогорку деңгээлге көтөрө аларыбызга үмүт артам.

Агрардык өлкөбүздө айыл чарбасын мыкты өздөштүргөн жана эл аралык тажрыйбасы бар адистер абдан зарыл. Айрыкча дыйканчылык менен мал чарбасында алектенгендердин квалификацияларын жогорулатуу иштерин өркүндөтүү кажет. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө дүйнөнүн ийгиликтүү тажрыйбаларын алып, айыл чарбасынын ар тармагына кластердик тутумду киргизүү менен мол түшүм алууга үндөшүбүз керек», — деп айтылат куттуктоодо.

Айта кетсек, Кыргызстанда агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы алгач 1995-жылдын 1-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагулов кол койгон №463 токтомго ылайык, ноябрдын биринчи жекшембисине бекитилген. 1997-жылдын 3-декабрында ушул эле өкмөт башчы №699 токтом кабыл алып, бул майрам октябрь айынын үчүнчү жекшембисине которулган. 2002-жылдын 13-ноябрында ошол кездеги өкмөт башчы Николай Танаев кесиптик майрамды туруктуу түрдө 15-ноябрда белгилөө токтомун кабыл алган.

2021-жылдын 8-октябрында өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон токтомго ылайык, бул кесиптик майрамды белгилөө 15-ноябрдан 20-октябрга которулган. Анын себеби катары «өлкөнүн түштүк аймагында (пахта териминен тышкары) жана Талас, Чүй облустарында (кант кызылчасынан тышкары) жыйым-терим кампаниясы жана күзгү-талаа иштери 1-октябрга чейин, ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында 1-ноябрга чейин дээрлик жыйынтыкталарына байланыштуу» деп көрсөтүлгөн.   

Copyright © 2017 Maral FM