Биз менен байланышыңыз

Сулуулук салондорунан оору жугузгандар көбөйдү

Ден соолук , Коом | 19 Окт 2023 | 3681 | 0

Жаштар арасында сарыктын оор түрү жана кургак учук көп катталып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы айтып чыкты. Ал 18-октябрда Жогорку Кеңеште билдирүү жасап, жеке косметологиялык жайлар көбөйгөнүн, бирок алардын басымдуу бөлүгүндө санитардык-гигиеналык, медициналык жана лицензиялык талаптар сакталбагандыктан түрдүү жугуштуу илдеттер жайылып жатканын белгиледи. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги талапка жооп бербеген сулуулук салондорун, клиникаларды жабууга азырынча укугу жок экенин билдирген. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү сулуулук салондору талаптарга канчалык жооп берет? 

Асылай Бишкек шаарындагы косметологиялык салондордун биринде иштейт. Ал иштеген жер 6 жылдан бери кардарларга кызмат көрсөтүп келет. Асылайдын айтымында, ар бир кызматкердин жогорку медициналык билими бар, ошондой эле алар жарым жыл сайын окутуудан өтүп турушат.

Ал сулуулук салондо бардык санитардык нормалар сакталарына ишендирди.

«Биздин салондогу ар бир кызматкердин санитардык китепчеси, ошондой эле медициналык билими бар. Квалификацияларын жогорулатып турушат. Бизде санитардык нормалардын баары сакталган. Бул жаатта ойлонбой деле койсо болот. Биз ар бир кардарга бир жолку каражаттарды колдонобуз. Бир ийнени башка адамга колдонбойбуз. Андай эч качан болгон эмес. Кардарлардын ишеничинен чыккан эмеспиз. Темир аспаптарды сөзсүз түрдө  стерилизациядан өткөрүп турабыз».

Өткөн жылдын апрель айынан бери Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн комиссия Ош, Бишкек шаарларындагы 200гө жакын сулуулук салонун, клиниканы текшерген. Бишкекте 18 клиниканын ичинен экөөнүн гана лицензиясы бар болуп чыккан.

Ал эми быйылкы жылдын сентябрында да Ош шаарында калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзгөн.

Анын алкагында аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында 5 сулуулук жана косметологиялык салону, 4 тиш дарылоочу борбор, 5 медициналык дарылоо бөлүмү жабылып, санитардык талаптарды сактабагандарга жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилген.

Борбор калаада жайгашкан дагы бир сулуулук салондун кызматкери Айзат (аты өзгөртүлдү) санитардык нормалардын сакталбашы тууралуу айтып берди. Ал бул салондо 1,5 жылдан бери иштейт.

Айзат кызмат көрсөтүүнүн баасы арзан болгону үчүн келген адам көп экенин айтты.

«Менин бул салондо иштегениме 1,5 жылдан ашып калды. Биздин салондо маникюр, кулак тешүү, ботокс жасалат. Булардын баары бир эле салондун ичинде жасалат. Тазалык такыр сакталбайт. Мен жөн гана катардагы кызматкер болгонум үчүн эч нерсе кыла албайм. Бир эле кулак тешүүчү автомат менен күнүнө 5,6 адамдын кулагы тешилет. Маникюрга колдонулган кайчылар, пилка жана башка жабдыктар стерилизациядан өтпөйт. Жөн гана жууп, тазалап коёбуз. Бул — негизи кооптуу».

Сулуулук салондорунда жугуштуу оорулардын жайылып жатканы тууралуу маселе Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде да көтөрүлдү.

Депутат Аида Исатбек кызы жеке косметологиялык жайлар көбөйгөнүн, бирок алардын басымдуу бөлүгүндө санитардык-гигиеналык, медициналык жана лицензиялык талаптар сакталбагандыктан түрдүү жугуштуу оор илдеттер жайылып жатканын белгиледи.

Ал мындай жайларда медициналык билими жоктор оор операцияларды жасап жатышканын, бул маселеге көңүл буруу, атайын рейддерди уюштуруу керектигин сунуштады.

«Жакында студенттик бейтапкананын директору менин жеке кабыл алуумда болгондо жаштар арасында гепатиттин С түрү жана кургак учук көп болуп жатканын белгиледи. Көптөгөн сулуулук салондорунун косметология кабинеттеринде уруксат документи, лицензиясы, тийиштүү билими тууралуу диплому жок. Алар көрсөтүп жаткан сертификаттар легалдуу эмес. Стерилдүү эмес шартта операциялык шаймандар сакталууда. Мастерлер Кытайдан жана Кореядан мыйзамсыз ташылып келген, катталбаган жана сертификациядан өтпөгөн филлерлерди колдонушат».

Саламаттык сактоо министрлигинин талапка жооп бербеген сулуулук салондорун, клиникаларын жабууга азырынча укугу жок.

Министрлик буга чейин «КР лицензиялык уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Анын негизинде министрлик медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана дары-дармек саясатын текшерүүгө, мыйзамсыз иш жүргүзгөн жайларды жабууга укуктуу болот. Ошондой эле ишмердүүлүктүн конкреттүү түрүн жана клиниканын дарегин көрсөтүү менен лицензияларды белгилүү бир мөөнөткө гана берүүгө мүмкүндүк берет. Мыйзам бузуулар аныкталса, мекеме лицензияны кайтарып алуу укугуна ээ болот.

Copyright © 2017 Maral FM