Connect with us

Президент социалдык кызматкерлердин кесиптик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 19 Окт 2023 | 157 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда өлкөнүн социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Жапаров белгилегендей, мамлекеттин социалдык саясатындагы бардык катмардагы жарандардын татыктуу жашоосу үчүн кам көрүү аракеттери жыл сайын артууда.

Экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарга карабастан, жөлөк пулдар менен пенсияларды жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.

«1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 %га жогорулатылды. Бул – биздин пенсионерлер үчүн татыктуу шарттарды камсыз кылууда маанилүү кадам. Быйылкы кесиптик майрамыңыздар Социалдык фонддун 30 жылдыгына туш келип олтурат. Социалдык фонд улгайган жарандардын турмушун жакшыртууга өз салымын кошуп, коомдо социалдык адилеттүүлүк принцибин ишке ашыруу милдетин татыктуу өтөөгө тийиш», — деди президент.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM