Connect with us

Кыргызстан Газадагы ооруканага жасалган чабуулду кескин айыптады

Кыска кабар | 18 Окт 2023 | 1095 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Палестина жарандарынын көп сандаган курмандыгына алып келген Газадагы Аль-Ахли ооруканасына болгон аскердик соккуну кескин айыптайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 18-октябрда тараткан билдирүүдө айтылат.

Министрлик эл аралык гуманитардык укуктун бузулушун ар тараптуу иликтөөгө чакырды.

«Биз жарандарды жана жарандык инфраструктураны коргоону караган эл аралык гуманитардык укуктун принциптерин, нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилейбиз. Ушуга байланыштуу тараптарды курмандыктарга жана карапайым калкка каршы зордук-зомбулукка жол бербөө, согуштук аракеттерди токтотуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, тынчтыкка жетишүү таламында сүйлөшүү процессин токтоосуз баштоого чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан Израил-Палестина жаңжалын Коопсуздук Кеңешинин жана БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюцияларына ылайык, тынчтык жолу менен чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт.

17-октябрда Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израил армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Аль-Ахли ооруканасына кол салганын билдирди. Палестиналык булактардын маалыматына караганда, 500дөй киши набыт болду.

Жогорку Кеңештин 18-октябрдагы жыйынында Палестинанын согуштан жабыркаган элине жардам берүүнүн жолдорун кароо маселеси көтөрүлдү.

Жогорку Кеңеште Палестинага жардам жиберүү маселеси көтөрүлдү

Израил-ХАМАС: Кыргызстандын позициясы кандай болушу керек?

Copyright © 2017 Maral FM