Connect with us

Президент Көлбаевдин өлүмү, кылмыштуу топтор менен күрөш боюнча үн катты

Кыска кабар | 16 Окт 2023 | 430 | 0

Президент Садыр Жапаровдун 16-октябрда «Кабар» мамлекеттик агенттигине уюшкан кылмыштуу топторго карата күрөш жана кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылуу операциясы тууралуу кыска маеги чыкты.

Садыр Жапаров уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин УКМКнын операциясы учурунда жок кылынганы тууралуу маалыматтарды интернеттен окуганын айтты. Башкы прокурорду дароо окуя болгон жерге жиберген жана ал президентке атышуу болуп, жарадар болгондор тууралуу кабарлаган.

Президенттин айтымында, УКМКнын атайын операциясынын мыйзамдуулугун тергөө үчүн аскер прокуратурасына тапшырма берилди.

«Негизи өнүккөн мамлекеттерде кримдүйнө деген түшүнүк жок. Ошол үчүн өнүгүп жатышат. Албетте криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөөнө бирөө каракчылык кылса сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез убакытта өнүккөн мамлекетти курушубуз керек. Ансыз деле алыс барбай эле коёлу, кошуна мамлекеттерден бир канча жылга артта калып кетиптирбиз», — деди Садыр Жапаров.

4-октябрда крим чөйрөсүндөгү таасирдүү киши Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүлдү. УКМК билдиргендей, операция учурунда кылмыштуу топ каршылык көрсөтүп, курал колдонгон. Натыйжада Көлбаев жок кылынган.

Андан кийин Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен.

Ташиев кримтөбөл Көлбаевдин өлүмү тууралуу учкай комментарий берди

Copyright © 2017 Maral FM