Биз менен байланышыңыз

Ташиев кримтөбөл Көлбаевдин өлүмү тууралуу учкай комментарий берди

Кыска кабар | 5 Окт 2023 | 760 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукту түп-тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти.

Бул тууралуу ал 5-октябрда УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын ачылышында айтты.

Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи. Буга 4-октябрда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал келтирди.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта «Төрага сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырманы жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын баса белгиледи», — деп айтылат.

4-октябрда крим чөйрөсүндөгү таасирдүү киши Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүлдү. УКМК билдиргей, операция учурунда кылмыштуу топ каршылык көрсөтүп, курал колдонгон. Натыйжада Көлбаевди атып салышкан.

Камчы Көлбаев 2020-жылы 21-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарында кармалган. Ал «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» беренеси боюнча айыпталган. Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган.

Март айында чет жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM