Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда кыздардын укугун коргоо — эң начар деңгээлде»

Коом | 11 Окт 2023 | 631 | 0

Бүгүн дүйнөдө кыздардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу Кыргызстанда да бир катар иш-чаралар уюштурулду. Кыздар күнүн белгилөө 2012-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында бекитилген. Негизги максаты ушул жааттагы көйгөйлөргө, маселелерге өзгөчө көңүл буруу болуп эсептелет. 

11-октябрь кыздарга байланышкан маселелерди, көйгөйлөрдү ачык айтып чыгып, чечүү жолдорун аныктай турган күн болуп саналат. Мисалы, кыздардын укуктарын тебелөө, билим алуусуна шарт түзбөө, зордук-зомбулук, ыктыярсыз турмушка узатуу сыяктуу жагдайларды чечүүгө багытталат.

Укук коргоочу Калича Умуралиева учурда өлкөдө кыздардын укуктары тиешелүү деңгээлде корголбой жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстанда тең укуктуулук боюнча жакшы мыйзамдар бар, бирок ал иштебейт.

Умуралиева кыздардын билим алуусуна шарт жогун, ошондой эле эрте турмушка чыгуу сыяктуу көйгөйлөр бар экенин кошумчалады.

Мындан сырткары мамлекет тарабынан кыздарын укугун коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге «3» деген баа берди.

«Мисалы, азыр эрте турмушка узатуу көп каттала баштады. Ата-энелер кыздарын мектепти жаңы бүткөндө эле күйөөгө берип, билим алуусуна шарт түзбөй жатышат. Мектепти бүтүп эле турмушка чыккан кыздардын жашоодогу максаты кандай болот? Мисалы, Сингапурду алсак, аларда «билими бар аял – жакшы үй-бүлө курат, жакшы балдарды тарбиялайт» дешет. Жогорку билими жокторго төрөөгө да тыюу салынган. Бул бир четинен туура деп эсептейм. Азыркы учурда кыздарга жакшы, татыктуу билим берүү керек. Алар күйөөсүнө көз каранды болбошу керек. Бүгүнкү күндө билимсиз аялдар көз каранды болуп жатышат».

Кыргызстанда IDEA Борбордук Азия уюму он жылдан бери кыздардын укуктарын коргоо, жайылтуу багытында бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет.

Координатор Камила Усманованын айтымында, буга чейин «Медиа кыздар академиясы» долбоорунун алкагында кыздардын медиасабаттуулугун жоюу, ошондой эле контентти кантип жаратса болору тууралуу окутуулар жүргүзүлгөн.

Уюмдун өкүлү долбоорлордун негизинде өтүлгөн окутууларга өлкө боюнча секелек кыздар катышарын белгиледи. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө кыздарга бардык тараптан колдоо керектигин айтат.

«2021-жылы уюм тарабынан атайын онлайн сайтта портал ачылган. Ал жерде феминизм, гендер жөнүндө курстар чыккан. Ошондой эле кыздардын укуктары боюнча окутуулар жарыяланган. Булар кандай максатта жасалып жатат? Себеби өлкөдө бул жаатта көптөгөн көйгөйлөр бар. Азыркы учурда кыздардын укугу такыр корголбойт. Мисалы, билим алууга болгон укугу жана ошондой эле күнүмдүк турмуштагы укуктары сакталбай жатат. Бүгүнкү күндө кыздарга кыздар тарабынан эле эмес, үй-бүлөсүнөн, досторунан, негизи эле коом тарабынан колдоо керек».

Уюмдун өкүлү Усманова азыркы учурда өз укугун так билбегендиктен коргой албагандар көп экенин кошумчалады.

Ал бүгүнкү күндө көчөдө бир кызды бирөө сабап жатса да, коомчулук кайдыгер карап, жардам бербей койгон учурлар бар экенин айтат.

«Азыр көчөдөн эле бир кызды бирөө сабап жатса, эч ким барып жардам бербейт. Коомчулук мындай нерселерге кайдыгер карайт. Буга акыркы жаңылыктар мисал боло алат. Биздин уюм ушундай көйгөйлөрдү жоюу, алдын алуу максатында күрөшүп келет. Укук тууралуу кыргыз тилинде, жөнөкөй жазылган маалыматтар аз. Бул боюнча атайын долбоорлор жазылышы керек. Анткени көпчүлүк маалыматтын жетишсиздигинен улам укуктары бар экенин билишпейт. Мен дагы кичинекей кезимде билчү эмесмин. Мага кошуналарым: «Мектепти бүтөсүң, турмушка чыгасың», — деп айта беришчү. «Ушундай турбайбы», — деп жүрө берчүмүн. Бирок ата-энем колдоп, билим алуума шарт түзүп беришти. Билим алууда жана башка тармактарда укуктарым бар экенин түшүндүм».

Эркин журналист Алия Суранова да азыркы күндө өлкөдө кыздардын укугун коргоо эң төмөнкү деңгээлде деген пикирде.

«Азыркы учурда Кыргызстанда кыздардын укуктары эң төмөн, начар, өкүнүчтүү. Анткени мамлекет башкаруучуларынан баштап, эл өкүлдөрү, укук коргоо органдары, судьялар — баары биригип, аялдардын, кыздардын укугуна каршы иштегендей болуп жатышат. Кандай гана зомбулук, көйгөй болбосун, өлтүрөбү, зордуктайбы, кулак-мурдун кесеби, ошондо деле алар өздөрүнүн унчукпаганы менен эркектерди, зордукчуларды, зөөкүрлөрдү коргоп келе жатышат. Канча жылдан бери бул көрүнүш кайталанып жатат. Укук коргоо органдары аябай начар иштеп жатышат».

Кыздардын эл аралык күнүн белгилөөнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Канада өлкөсү сунуштаган.

Аны ишке ашыруу жана өнүктүрүү боюнча канадалык саясий жана коомдук ишмер Рона Эмброуз алектенген.

Copyright © 2017 Maral FM