Connect with us

«Көлбаевдин тобуна тиешеси бар» делген дагы бир адам кармалды (видео)

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 1141 | 0

Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу топторунун иш-аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында, 1969-жылы туулган П.О.В. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Шектүүнүн үйүн жана иш бөлмөсүн тинтүүдө бир нече мылтык, пистолет жана анын гильзалары, бычактар, көп сандаган документтер табылган.

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен П.О.В. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ошондой эле шектүүнүн фирмаларын текшерүүгө буйрук берилген.

«Сводка Акипресс» басылмасы кармалган адам Кыргызстанга белгилүү ишкер, «Гознак» компаниясынын директорунун орун басары Подобедов Олег Владимирович экенин жазып чыкты.

Эске салсак, 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевди атайын операция учурунда каршылык көрсөткөнү үчүн УКМКнын куралдуу күчтөрү атып салган. Андан кийин бул боюнча атайын иш козголуп, кримтөбөлдүн кылмыштуу иштерин, аны уюшкан тобунда жүргөндөрдү, ага катышы-тиешеси бар адамдарды иликтөө башталган. Анын алкагында бир нече адам камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM