Биз менен байланышыңыз

Израилден кыргызстандыктарды алып чыгуу аракети көрүлүүдө

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 329 | 0

Израилдеги үч кыргызстандык бул өлкөдөн чыгып кетүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстандын Израилдеги элчилигинин (резиденциясы Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан) 10-октябрь, саат 20:00гө карата маалыматы боюнча, Израилдеги кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Элчилик бул өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандарын аймактан чыгып кетүүгө каалоосу барлардын тизмесин түзүп жатат, учурда тизмеде 65 жаран бар.

«Колдо болгон маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын үч жараны Израилден чыгып кетүү ниетин билдирип, учурда аларды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат. Күнү-түнү ыкчам байланышуу максатында социалдык тармактарда жана мессенджерлерде маалыматтар таратылууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги мекендештерди аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону суранат.

Зарыл болгон учурда кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү): +90 5456896800 (Элчиликтин номери), +972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги Ардактуу консулу).

Мындан тышкары чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жакынкы консулдук мекемесине каттоого турууну өтүнөт.

Израилди «Акса бороонуна» кабылткан ХАМАС кандай уюм?

Акыркы маалыматтар боюнча Израиль менен Хамастын ортосундагы согушта 1200дөн ашуун израилдик каза болду.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 900 палестиналык набыт болду, алардын жарымына жакыны аялдар жана балдар, дагы 4500ү жарадар болду.

Израиль Газа секторуна толук кандуу чабуул баштаганын жарыялады

Copyright © 2017 Maral FM