Биз менен байланышыңыз

Израиль Газа секторуна толук кандуу чабуул баштаганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 392 | 0

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант кечээ, 10-октябрдын кечинде аскердик аракеттерди чектөө толук алынганын, Газа секторуна чоң чабуулга өтүүгө мыйзам жол бергенин билдирди.

Ал Газа секторуна башталган чабуул тууралуу сүйлөп жатып, согуш бир канча жумага же айга созулушу мүмкүн экенин эскертти.

«Мен бардык чектөөнү алып салдым, биз аталган аймакты толук курчап, көзөмөлүбүзгө алдык. Эми чоң чабуул баштайбыз», — деп кошумчалаган Израилдин коргоо министри.

«ХАМАС Газа секторунда өзгөрүүлөр болушун каалады. Бирок бул өзгөрүүлөр алардын каалаганынан 180 даража башкача болот. Алар бул иштери үчүн өкүнөт. Газа эми эч качан мурунку абалына кайтпайт. Ким аялдарды, балдарды өлтүрүүгө келген болсо, биз аларды жок кылабыз», — деп билдирген.

7-октябрдын таңында Палестинанын Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын мүчөлөрү Израилге кокустан 3 миң даана ракета менен чабуул койгон. Кыймылдын жоокерлери чек араны жарып өтүп, бир канча стратегиялык аймакты курчап, ондогон аскерин барымтага алган. Израиль бул абалды согуш деп жарыялап, Газа секторуна абадан сокку урууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM