Биз менен байланышыңыз

Израилди «Акса бороонуна» кабылткан ХАМАС кандай уюм?

Блог | 10 Окт 2023 | 5117 | 0

Израиль-Палестина тиреши дээрлик 76 жылдан бери уланып келет. Бир убактарда ээн-эркин жашаган Палестина эмне үчүн мындай абалга кептелди? «Палестинанын кызыкчылыгын коргойбуз» деген ХАМАС кыймылы качан пайда болгон? Аны эмне үчүн айрым өлкөлөр террордук уюм атайт? 

Палестина менен Израилдин чатагы 76 жылдык тарыхка ээ. Израил жаш өлкө,  ал 1947-жылы түзүлгөн. Ага чейин дээрлик 2 миң жылдай жөөттөрдүн өз өлкөсү болгон эмес. Экинчи дүйнөлүк согуштагы жөөттөргө жасалган геноцидден кийин Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен атайын келишим түзүлүп, Палестинанын жери экиге бөлүнүп, 55%ы жөөттөргө, 45%ы палестин арабдарына өткөн.

Израиль өлкөсү бул жерлер аз экенин, Палестина жайгашкан аймак толугу менен алардын тарыхый мекени болгонун жүйө келтирип, жер ээлөөсүн баштаган. Бул араб өлкөлөрүнө жаккан эмес. Ошол эле убакта Батыш менен АКШ Израилдин эгемендигин колдоп келген өлкөлөрдөн болуп саналат.

1970-жылга чейин Палестинанын эгемендиги үчүн негизинен араб өлкөлөрү күрөшүп келген. Ошого карабай маселе курч бойдон калып, сезилерлик жылыш болгон эмес. Буга 1967-жылдагы согуш да мисал боло алат. Мындан улам Палестинанын кызыкчылыгын коргоону катардагы жарандар колго алып, ар түрдүү саясий топтор түзүлө баштаган. Алар ар түрдүү ыкмалар, анын ичинде согуштук аракеттер менен Израилге каршы чыгып, Палестинанын жерлерин кайтарып алууга бел байлашкан.

1982-жылы Ливанда шиит мусулмандарынан турган «Хизбуллах» тобу түзүлгөн. 1987-жылы ХАМАС кыймылы (арабдын «Харакат аль-Мукавама аль-Исламия» сөзүнөн кыскартылып алынган, кыргызча мааниси: Каршы туруучулардын исламий кыймылы) түптөлгөн.

Башка согушчан топтор сыяктуу эле ХАМАСтын да эки канаты бар. Саясий канаты уюмдун каржылык, тышкы мамилелер сыяктуу иштерин жүргүзсө, аскерий канаты Израилге каршы согуштук операцияларды өткөрүү, аскерий даярдык сыяктуу иштер менен алектенет. Штаб-квартирасы азыркы тапта аёосуз салгылашуу жүрүп жаткан Газа секторунда жайгашкан. Лидери – 60 жаштагы палестиналык саясатчы Исмаил Хания. Ал ХАМАС кыймылын негиздеген Ахмед Исмаил Ясиндин шакирти, кезинде катчысы болуп эмгектенген.

ХАМАС саясий максаты бар партия да болгондуктан, Палестинанын расмий бийлиги менен дайыма эле көз караштары дал келбейт. Палестина бийлигин чечкинсиз кадамдарга барууда деп сындаган учурлары да жок эмес.

ХАМАС кыймылы боюнча дүйнөлүк коомчулуктун көз карашы төрткө бөлүнөт:

АКШ, Евробиримдик, Канада, Япония сыяктуу өлкөлөр бул топту «террордук уюм» деп тааныйт;

Иран, Катар, Түркия, Орусия, Кытай, Ислам Кызматташтык Уюму, Швейцария сыяктуу өлкөлөр ХАМАСты «террордук уюм» деп тааныган эмес;

Араб жана мусулман өлкөлөрүнүн көпчүлүгү ХАМАСты «Израилдин мыйзамсыз иштерине каршы күрөшүүчү топ» же «Палестинанын кызыкчылыктарын коргоочу топ» деп атайт;

Төртүнчү топтогу өлкөлөр, анын ичинен Улуу Британия ХАМАСтын аскерий канатын гана «террордук топ» деп тааныган.

Сауд Арабия ХАМАСты «террордук уюм» деп атабайт. Бирок мамилеси да жакшы эмес. Себеби алар ХАМАСты Иран жана Катардын долбоору катары карап, көп жактыра бербейт.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча ХАМАСтын аскерий канатындагы согушчандардын саны 10-12 миңди түзөт. Ал эми ХАМАСтын соңку чабуулунда лидерлердин бири 30 миңдей аскерий даярдыктагы жаран бар экенин жарыялады.

ХАМАСтын аскерий канаты «Иззеддин Аль-Кассам» деп аталат. Бул аталыш Палестинаны Улуу Британиянын колониясынан бошотуу кыймылын баштаган диний лидердин ысымынан алынган.

«Израиль эмне үчүн 1967-жылдагы карта боюнча келишимди колдобойт?» деген суроого келсек, 1967-жылдан бери Палестинага таандык делген жерлердин бир канчасы Израилдин көзөмөлүнө өткөн. Анын ичинде мусулмандар үчүн ыйык делген Аль-Акса мечити жайгашкан аймак да бар. Израилдин бийлиги буга чейин да, азыр да 1967-жылдагы келишимге кайтуу ниеттери жок экенин ачык айтып келишет жана Палестинанын эгемендигин тааныган эмес. А дүйнө коомчулугунун 138 өлкөсү Палестинаны эгемен өлкө деп билет.

Азыркы тапта Израиль армиясы Газа секторуна абадан сокку уруусун улантууда. Кечээ жарыялагандай, учурда Газа сектору толук курчоого алынып, свет өчүрүлгөн, эч кандай азык-түлүк, күйүүчү май киргизилбей турат.

БУУ бул көрүнүштү сындап, толук блокадага алуу туура эместигин айтып чыкты. Ал эми ХАМАС тобу Израилдин барымтага түшкөн аскерлерин, жарандарын айырбаштоого макул эместигин, эгер Израиль Газа секторун бомбалоосун токтотпосо, аларды өлүм жазасына тарта турганын эскертүүдө.

Соңку маалыматтарга ылайык, Газа секторунда Израилдин соккусунан улам 143 бала набыт болду. Жалпы каза тапкандардын саны 1000ге чукулдады. Ал эми Израиль тарап өзүнүн жоготууларын 900гө жетти деп билдирди. Ошондой эле жүздөгөн ХАМАС аскери жок кылынганын да кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM