Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнү жабылып, ордуна Байтиктен жер берилет

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 395 | 0

Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда он маселе каралды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүндө сөөк коюуга орун калбай бара жаткандыгына байланыштуу Аламүдүн районундагы Байтик айыл аймагынан 22 гектар жерди «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан которуп, көрүстөн катары берүү чечими кабыл алынган.

Бишкек шаарынын Т. Абдымомунов көчөсү, 329 дарегиндеги 31 гектар аянтты ээлеген «Ала-Арча» көрүстөнү 1948-жылы ачылган. 1973-жылы Фрунзе шаардык кеңеши көрүстөнгө мамлекетке эмгеги сиңген инсандардын гана сөөгүн коюу токтомун кабыл алган.

Ушул жылдын 6-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс боюнча комиссиясынын жыйынында вице-мэр Нурдан Орунтаев «Ала-Арча» көрүстөнүндө онго жетпеген гана орун калганын билдирген.

Министрлер кабинетинин кечээ, 10-октябрда өткөн жыйынында мындан тышкары төмөнкү маселелер каралган:

ИИМдин жол эрежелерин бузуудан түшкөн айып пулду бөлүштүрүүгө өзгөртүү сунушу колдоо тапкан. Бул багытта Башкы прокуратура айып пулдарды өндүрүү иштерин толук кандуу жүргүзүү керектигин билдирген.

Мукаш Абдраев атындагы музыкалык орто мектеп-интернатында, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында билим алган балдардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражат жогорулатылган.

Мамлекеттик органдардын товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарын төлөөнү камсыз кылуу, курулуш, капиталдык оңдоо жана башынан оңдоло турган жайларды каржылоо максатында мамлекеттик баалуу кагаздар чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыга өзгөртүү киргизилген.

Экономика жана коммерция министрлиги сунуштаган калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү, мамлекеттин жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу токтому колдоо тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM