Биз менен байланышыңыз

«Мадина» базарынын кожоюну камалганы айтылууда

Кыска кабар | 8 Окт 2023 | 263 | 0

«Мадина» базарынын кожоюну, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимовдун камакка алынганы тууралуу кабар тарады.

Айрым сайттардын жазганына караганда, Турсунтай Салимовду жана Л.У. аттуу дагы бир адамды УКМК кызматкерлери кечээ, 7-октябрда кармап кетишкен.

Камакка алынган адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топ түзүү же ага аралашуу) менен айып коюлган.

Экс-депутаттын 4-октябрда УКМКнын атайын операциясы учурунда окко учкан кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы экенин жазышты айрым булактар.

Бул боюнча укук коргоо органдары расмий жооп билдирүү жасай элек.

Уйгур улутундагы Салимов Турсунтай Аблизович 67 жашта. 1993-жылы Бишкектеги «Мадина» базарын түптөгөн. Учурда базардын башкы директору. 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болгон. Мамлекеттик «Даңк» медалы менен сыйланган.

Copyright © 2017 Maral FM