Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы макулдашылды

Кыска кабар | 8 Окт 2023 | 347 | 0

Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы макулдашылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялар, ошондой эле топографиялык жумушчу топтор 3-октябрдан 8-октябрга чейин Баткен шаарында жолугушуу өткөргөн.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында атайын протоколго кол коюлган.

Тараптар калган тилкелер боюнча тактоо иштерин улантары, кийинки кездешүү Тажикстанда өтөрү кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM