Биз менен байланышыңыз

ТИМ Кыргызстандын жарандарын Израилге барбай турууга чакырды

Кыска кабар | 8 Окт 2023 | 195 | 0

Израилдеги куралдуу кагылыштан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрлик Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Израиль аймагында жашаган мекендештердин коопсуздугу үчүн мониторинг жүргүзүп жатканын кабарлады.

Кырдаалга байланыштуу министрлик Израилдеги кыргызстандыктарды согуш жүрүп жаткан аймактардан алыс болууга, Кыргызстандагы жарандарды Израилге барбай турууга чакырды. Эгер зарылчылык жаралса, элчиликтин +90 5456896800 телефон номерине байланышууну өтүнөт.

Айта кетсек, кечээ, 7-октябрда таңга маал Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилди аткылоосун баштаган. Мындан улам өлкө бийлиги согуштук абал жарыялаган. Куралдуу кагылыштан 200дөн ашуун жоокер жана жай тургун каза таап, эки миңге чукул адам жарадар болгон.

Мындан улам Израиль армиясы «Темир кылыч» аскердик операциясын жарыялап, Газа секторуна абадан сокку урган.

ХАМАС тобу барымтага алган Беэри кыштагынын жана Офаким шаарынын тургундары бүгүн бошотулганын чет элдик маалымат булактары жазды.

Copyright © 2017 Maral FM