Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жалпы пайдалануудагы жолдорго акы алуу сунушталды

Коом , Экономика | 6 Окт 2023 | 609 | 0

Эми унаа айдагандар жалпы пайдалануудагы жолдорго акча төлөшү мүмкүн. Ушул өңүттөгү мыйзам долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жазып, коомдук талкууга чыгарды. Мекеме демилге мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыкканын билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, унаа айдоодо күйүүчү майдын ар бир литрине 1 сомдон алынат. Түшкөн каражат өлкөдөгү жолдорду оңдоп-түзөөгө жумшалат.

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литри үчүн жолду тейлөөгө төлөм киргизүү сунушталууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун укуктук бөлүмүнүн башчысы Нурлан Утемисов «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» кодекске өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билдирди. Анын негизинде атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты. Министрликтин өкүлү ал тууралуу мындай маалымат берди.

«Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу милдеттерин андан ары ишке ашыруу үчүн бул мыйзам долбоору иштелип чыкты. Кабыл алуунун натыйжасында жалпы пайдалануудагы унаа жолдорун оңдоого жыйым киргизилгенден кийин республикалык бюджеттин киреше бөлүгү көбөйтүлөт. Күйүүчү май куйган жайларда 1 литрге 1 сом кошулат. Андан бюджетке каражаттын түшүүсү 1 млрд 600 млн сомго көбөйүшү пландалууда. Ошонун эсебинен жылына 500 км жолду оңдоого болот. Мисалы, бирөө 10 литр бензин куйса, үстүнө 10 сом кошуп төлөйт».

Экономист Искендер Шаршеев өнүккөн өлкөлөрдө жол акысы деген түшүнүк эчак киргизилгенин белгиледи. Ал бул мыйзам долбоору бензин колдонгон унаалардан эртерээк электромобилдерге өтүүгө түрткү болорун айтат. Ошондой эле ар бир айдоочу колдонгон жолуна акы төлөгөнүн туура деп эсептейт.

«Негизи мен бул мыйзам долбоорунун колдоо таап, ишке киришине макулмун. Күйүүчү май колдонгон унааларга чектөөлөр салынса, бул тезирээк элди электромобилге өткөргөнгө жардам берет. Эгер мыйзам күчүнө кирсе, элдин көбү электромобилге өтө баштайт. Натыйжада жаратылыш тазаланып, 40 пайыз ыш жоголмок. Мындан сырткары бүгүнкү күндө бензинге кеткен акча, тагыраагы, 3 млрд доллардын тегереги Кыргызстанда калмак. Эл да электромобилге өтүүгө тезирээк аракет кыла баштайт».

Министрлик билдиргендей, өлкөдө унаа жолдорунун жалпы узундугу 34 миң километрди түзөт. Ал эми жыл сайын автоунаалардын саны өсүүдө. Ошол эле учурда жолдор үзгүлтүксүз оңдоону жана көзөмөл кылууну талап кылат. Бул үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат жетишсиз болууда.

Өткөн жылы түзүлгөн Жол фондунун да киреше булактары жол тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жетишсиз.

Экономист Эрлан Камалов бул мыйзам долбооруна каршы. Анын айтымында, мыйзам долбоору колдоо тапса, карапайым элдин чөнтөгүнө оор келет. Себеби такси кызматында иштеп, үй-бүлөсүн баккандар көп.

Ал мындай кадамдар өлкөдө бензиндин жана дизель майынын кымбатташына алып келерин белгиледи.

Мындан сырткары Камалов эгер мыйзам долбоору ишке кирсе, түшкөн каражат максатка ылайыктуу пайдаланылып, элге ачык-айкын маалымат берилиши керектигин кошумчалады.

«Бул күйүүчү майдын кымбаттап кетишине себеп болушу мүмкүн. Эгер жакшы көзөмөл болбосо, бензин куюучу жайлар ушуга шылтоолоп, бааны көтөрө берет. Салыктын эффективдүүлүгү канчалык деңгээлде болот? Ошону изилдеш керек. Эгер күйүүчү май кымбаттай бере турган болсо, анда эл башка транспорттун түрүнө өтүшү мүмкүн. Мыйзам долбоору колдоо тапса, министрлик тарабынан көзөмөл күчөтүлүшү керек. Түшкөн каражат сарамжал, туура сарпталышы керек».

Буга чейин Жогорку Кеңеш «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алып, ага ылайык, өлкөдө акы төлөнүүчү жолдор системасы ишке кирери белгилүү болгон.

Анын алкагында Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдорду түзүү, уюштуруу жана пайдалануу, ошондой эле аларды курууга, реконструкциялоого жана башкарууга инвесторлорду тартуу каралган.

Мыйзам долбоор жол тармагын жакшыртуу, өнүктүрүү максатында эл аралык тажрыйбага таянып жазылган. Ага ылайык, санариптик чечимдерди ишке ашыруу, процесстерди жакшыртуу, жол тармагын оптималдаштыруу иштери аткарылат.

Copyright © 2017 Maral FM