Биз менен байланышыңыз

Мектеп мугалимдеринин арасында жаштар аз

Билим-маданият | 5 Окт 2023 | 3687 | 0

Бүгүн өлкөдө мугалимдердин жана билим берүү тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Буга байланыштуу бардык билим берүү мекемесинде майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Улуттук статистка комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 116 миңге жакын педагог эки миллионго жакын баланы окутат. Ал эми мектеп мугалимдеринин 86%ын аялдар түзөт. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан мугалимдерге кандай шарттар түзүлүүдө? Ошондой эле эмне себептен педагогика тармагына тапшырган абитуриенттердин саны азаюуда?

Аксы районунун Ыман Акылбеков атындагы №21 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асила Жунусалиева 41 жылдан бери ушул кесипти аркалап келет.

Ал 10-20 жыл мурдагыга салыштырмалуу мугалимдерге мамиле өзгөргөнүн, иши бир аз жеңилдегенин айтат. Муну менен катар ал бүгүнкү күндө айылда мугалим болуп иштөөдө кандай көйгөйлөр бар экенин санап өттү.

«Айлыктын көтөрүлгөнү жакшы болду. Аз болсо да жогорулады. Дагы көтөрүлсө жакшы болмок. Учурда окуу китептери жетишсиз болуп, жумушта тоскоолдук жаратууда. Мындан сырткары айыл жергесинде компьютер жетишсиз. Биздин мектепте бардык сабактан мугалимдер жетиштүү. Он-жыйырма жыл ичинде билим берүү тармагында бир топ жылыш болуп калды. Методикалык китептер чыга баштады. Мурдагыга караганда мугалимдерге жакшы эле жардамдар көрсөтүлүүдө. Текшерүүлөр да азайгансып калды».

Ош шаарындагы №52 Кыргыз-түрк достугу мектеп-лицейинин мугалими Мелис Музулманов буга чейин мугалимдердин айлыгы аз болгондуктан нааразычылык жаратып келгенин белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө эмгек акынын жогорулаганы мугалимдер үчүн колдоо экенин айтат.

«Мектепте иштеген мугалимдердин көйгөйлөрү көп. Мурдагыга салыштырмалуу азыр көйгөй азыраак. Ал эми айлыктардын жогорулашы мектеп мугалимдери үчүн бир топ колдоо болду. Мугалимдерге материалдык, моралдык жактан да колдоо керек. Мамлекет, жергиликтүү бийлик деле колдорунан келишинче колдоо көрсөтүп келе жатышат».

Расмий маалыматтарга таянсак, эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири катары педагог адистиги эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт.

Айзада Бейшебаева Кочкор районунун Абылгазы уулу Ишеналы атындагы орто мектебинде 15 жылдан бери математика сабагын өтүп келет.

Анын айтымында, айыл жергесинде мектептердеги орчундуу көйгөйлөрдүн бири: окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү. Ошондой эле ал мектепте мугалимдер үчүн кандай шарттар түзүлүп жатканын айтып берди.

«Биринчи кезекте айылдарда жаңы мектептерди салуу колго алынды. Жылуу, ыңгайлуу, шарты бар мектептерде иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда «санарип мугалим» деген талап коюлууда. Анын алкагында ар бир мугалим компьютер, интерактивдүү доска жана башка техникалык каражаттар менен иштеп жатышат. Улгайган агай-эжелер ушул жагынан аксашат. Учурда баланы окутуу абдан кыйын. Балдардын көбү социалдык тармактарда көп убакыт өткөрүп, сабакка көңүл бурушпайт. Бул чоң көйгөй болууда».

Статкомдун маалыматына таянсак, мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет. Шаардагы жана айылдагы мектеп мугалимдеринин жүгү да кыйла айырмаланат. Эгер шаар мектептеринде бир мугалимге орточо 21 окуучу туура келсе, айыл мектептеринде 15 окуучу туура келет.

Президент Садыр Жапаров да мугалимдерди жана билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Жапаров дүйнөдөгү билим берүү процессинин алдыңкы тажрыйбаларын, жаңычыл ыкмалар менен жогорку технологияларды колдонууга ачык болууга чакырды.

Ал эми билим берүү тармагы боюнча адис Мырза Каримовдун айтымында, учурда өлкөдөгү мектептерде так илимдердин мугалими жетишсиз бойдон калууда.

Каримов учурда мектептерде пенсия курагындагылар көп экенин белгилеп, мамлекетте жаш мугалимдерди колдоо жагы аксап жатканын кошумчалады.

«Мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү. Бирок 26 миң сомго чейин эле жогорулады. Бул да аз. Жаштар мындай айлыкка иштешпейт. Учурда педагогика тармагын бүтүп, бир-эки жыл иштеп эле таштап салышууда. Башка кесипке же сыртка чыгып кетип жатышат. Мамлекет жаш мугалимдерге шарт түзүп бериши керек. Жеңилдиктерди бериши керек. Эгер окууну бүтүп айылга барса, жашаганга жер таап, үй менен камсыз кылышы керек. Мектептерге барып эле жүрөм. Тилекке каршы, жаш мугалимдер аз экенине күбө болуудамын».

«Мугалимдер жөнүндө» декларация 1994-жылдын 5-октябрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган. Ошол күндөн тарта бул күн дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө Мугалимдердин эл аралык күнү катары белгиленип келет.

Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы 2014-жылга чейин октябрь айынын алгачкы жекшембисинде майрамдалып келген. 2014-жылдын 24-октябрында Кыргыз Өкмөтү кабыл алган токтомго ылайык, 2015-жылдан тарта Мугалимдер күнү 5-октябрга бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM