Биз менен байланышыңыз

Президент мугалимдерди кесиптик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 5 Окт 2023 | 212 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда мугалимдерди жана билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Жапаров мугалимдер бүт өмүрүн, күч-дараметин жаштарга таалим-тарбия, терең билим берүүгө арнаган адамдар экенин белгилеп, алардын педагогикалык чеберчилиги менен акыркы жылдары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон окуучулардын саны өсүп баратканын кошумчалады.

Жапаров өлкөнүн билим берүү системасынын өзөгүндө кайталангыс улуттук баалуулуктардын сакталышына маани берүү керектигин, ошол эле маалда дүйнөдөгү билим берүү процессинин алдыңкы тажрыйбаларын, жаңычыл ыкмалар менен жогорку технологияларды колдонууга ачык болууга чакырды.

«Бүгүнкү күндө мугалимдерибиз болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн, заман талап кылып жаткан технологиялык жетишкендиктерден ар дайым кабардар болуп, өзүн-өзү дайыма өркүндөтүп-өстүрүп турушу керек.

Мына ушундай шартта мойнубузда чоң жоопкерчилик турат. Элибизди ар тараптан агартууда жаштардын мыкты кесиптин ээси болуп чыгуусуна пайдубал түптөө, анын натыйжасында мамлекетибизди өнүктүрүү дал ушул ардактуу мугалимдердин талыкпаган эмгеги менен түздөн-түз байланыштуу», — деди президент.

Мугалимдер тууралуу декларация 1994-жылдын 5-октябрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган. Ошол күндөн тарта бул күн дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө Мугалимдердин эл аралык күнү катары белгиленип келет.

Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы 2014-жылга чейин октябрь айынын алгачкы жекшембисинде белгиленип келген. Өкмөттүн 2014-жылдын 24-октябрында кабыл алган токтомуна ылайык, 2015-жылдан тарта Мугалимдер күнү 5-октябрда майрамдалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM