Биз менен байланышыңыз

Адам өлтүрүүгө шектүү Казакстандын жараны Бишкектен кармалды

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 250 | 0

Адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн Казакстандын жараны 26-сентябрда Бишкектен кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Алматы шаарынын 1995-жылы туулган тургуну А.Г.М. расмий өтмөктөрдөн айланып, кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкек шаарына келген. Ал андан ары «Манас» аэропорту аркылуу башка мамлекеттерге чыгып кетүүнү көздөгөн.

Кармалган адам Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Алынган маалыматка караганда, Казакстандын укук коргоо органдары А.Г.М.га «адам өлтүрүүгө катышкан» деген шек менен издөө жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM