Биз менен байланышыңыз

Азербайжан менен Казакстандын аскерлери Каспий деңизинде машыгууларды өткөрүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Окт 2023 | 379 | 0

Бакуда Азербайжан менен Казакстандын деңиз аскер күчтөрү биргелешкен машыгууларды өткөрүүдө. «Хазри — 2023» окуу-машыгуулары тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги маалымдады.

Машыгуулар эки өлкөнүн коргоо министрлеринин ортосундагы келишимдин алкагында өтүп жатат. 2-октябрда Казакстандын аскер-деңиз флотунун кемелери жана жеке курамы машыгууларга катышуу үчүн Бакуга барган. Каспий деңизиндеги бул машыгуу эки өлкөнүн аскерлеринин тажрыйба алмушуусун жана кесиптик квалификациясын жогорулатууну көздөйт.

Машыгуулар 8-октябрга чейин уланат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM