Бакуда Азербайжан менен Казакстандын деңиз аскер күчтөрү биргелешкен машыгууларды өткөрүүдө. «Хазри — 2023» окуу-машыгуулары тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги маалымдады.
Машыгуулар эки өлкөнүн коргоо министрлеринин ортосундагы келишимдин алкагында өтүп жатат. 2-октябрда Казакстандын аскер-деңиз флотунун кемелери жана жеке курамы машыгууларга катышуу үчүн Бакуга барган. Каспий деңизиндеги бул машыгуу эки өлкөнүн аскерлеринин тажрыйба алмушуусун жана кесиптик квалификациясын жогорулатууну көздөйт.
Машыгуулар 8-октябрга чейин уланат.