Биз менен байланышыңыз

Массалык уулануу: «Шаурманын эттерин карагыла деп какшап келебиз»

Ден соолук , Коом | 2 Окт 2023 | 3216 | 0

Бишкектин Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым түйүндөрүндө уулангандар 43 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Жугуштуу дарттар ооруканасына кайрылгандардын 23ү жаткырылган, алардын экөө жаш бала, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Мындан тышкары 20 кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген. Министрлик массалык уулануудан кийин бардык тез тамактануучу жайлар пландан тышкары текшерилерин билдирди. Тез татым жайларында буга чейин да уулануу учурлары катталып келген. 

Тез татым жайдагы тамактан уулангандардын абалы туруктуу. Массалык уулануу катталган эки ашканага 72 миң сом айып салынып, жабылган.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев тергөөнүн жүрүшүндө санитардык жана микробиологиялык изилдөөлөр үчүн даяр шаурманын үлгүлөрү, ингредиенттер алынганын билдирди. Учурда уулануу себептери такталууда.

Борбор тамактануучу жайларды жылына бир жолу пландуу текшерүүдөн өткөрөт. Калган учурда уулануу катталганда гана текшерилет.

«Беш лаваш» тез тамактануучу жайынан 37 адам ууланган. Анын 15и ооруканага кайрылган. Ал эми «Мидостон» 5 киши ууланган. Азыр лабораториялык изилдөөлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыкканда эмнеден ууланганын аныктайбыз. Азырынча майонез, эт же соустан уулануулар болду деп божомолдоп жатабыз. Кечээтен баштап текшерүүлөр жүрө баштады. Анын жыйынтыгында 14 протокол түзүлдү. 34 миң сом айып салынды. Мыйзам чегинде жылына бир эле жолу текшере алабыз. Экономика министрлиги менен макулдашып, анан текшеребиз. Текшерүүлөр мындан ары да уланат».

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 1-октябрда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда чукул жыйын өткөрүп, массалык уулануудан кийин бардык тез тамактануучу жайларды пландан тышкары текшерүүгө тапшырма берген.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Айзирек Галдыбаева тамак-аштан уулануунун башкы себептерин атап, жарандарды коомдук жайлардан тамактанууда этият болууга чакырды.

«Тамак-аштан уулануунун башкы себептеринин бири бат бузулуучу азыктарды колдонуудан болот. Ал эми андан уулануу сапатсыз даярдалган, бузулган тамак-ашты, суусундукту ичкенден пайда болуучу курч кармоочу оору болот. Күн ысыкта өзгөчө тазалык сакталбаган тамактануучу жайларда сакталган азыктарда бактерия, вирустар бат көбөйүп, тамак-аштар тез бузулат. Аны менен адамдын ичине кирген бактерия, вирустар көбөйөт да, организмди ууландырат. Уулануу тамак-ашты жегенден 30 мүнөттөн 6 саат аралыгында күтүүлүсү мүмкүн».

Өткөн жылдын июль айында да Баткендин Кадамжай районундагы кафелердин бирине тойго барган 250 адамдын көбү ууланган. Сурамжылоо учурунда алар тойдо кесмеден жыт сезишкенин, андан тышкары майонез кошулган салат, тоок этин жана мөмө-жемиш жешкенин айтышкан. Мыйзам бузуу боюнча акт түзүлүп, кафе жабылган.

Өлкөдөгү коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык эрежелерди текшерген «Не сахар» берүүсүнүн алып баруучусу Умар Даданов бардык аймакты кыдырып чыкканын айтты.

Ал жыл сайын массалык уулануулар катталган учурда гана санэпид кызматы көңүл буруп, текшерүүлөрдү жүргүзөрүн белгиледи. Ал иштебеген мекемени жаап, ордуна комиссия түзүү керектигин сунуштады.

Көзөмөл жоктугунан өлкөдө санитардык нормаларды сактабаган тамактануучу жайлар өтө көп.

«Жыл сайын массалык уулануулар катталат. Болгондо да массалык түрдө болот. Ошондо гана тийиштүү органдар эстерине келип, текшерип калышат. Барып калп эле «текшеримиш» болуп коюшат. Биз бул боюнча мурун эле айтып келгенбиз. «Шаурманын эттерин карагыла» деп какшап келебиз. Санэпидке да кайрылганбыз. Санитардык нормалар сакталбаган жердин даректерин да бергенбиз. Былтыр жети облустун баарын кыдыргам. Бүгүнкү күндө түндүктө жайгашкан аймактар калды. Жыл сайын эле кыдырып, текшерип жүрөбүз. Бир да жерде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору иштебешине күбө болдук. Бул кызматты негизи жоюп салуу керек».

Кезектеги массалык уулануудан кийин Саламаттык сактоо министрлиги бардык тез татым жайлар текшерилерин билдирди. Ал  «Ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM