Биз менен байланышыңыз

3-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Окт 2023 | 407 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-октябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +21…+23 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM