Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 130дай жаранга жүрөк операциясы бекер жасалат

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 143 | 0

Бүгүн, 29-сентябрда Жалал-Абад шаарына Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын 30дан ашык дарыгери келди. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алар бир жума бою шаардагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда жүрөк оорусуна чалдыккан 15 жаштан өйдөкү 130га жакын жаранга акысыз операция жасайт.

Жумалык операция эң алгач жашоо-шарты начар жана майып тургундарга жасалат. Өнөктүк 30-сентябрь — бүткүл дүйнөлүк Жүрөк күнүнө карата уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM