Биз менен байланышыңыз

Германиянын Берлин шаарында «Бала манасчы» айкели орнотулду

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 364 | 0

Берлин шаарында жайгашкан Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин алдына «Бала манасчынын» айкели орнотулду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кечээ,  28-сентябрда Германияга иш сапары менен барган Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров айкел менен таанышты.

Элчи Өмүрбек Текебаев белгилүү айкелчи Тамила Маматова жасаган бул айкел Кыргызстандагы ишканалардын биринде темирден куюлганын баяндап берген.

Айкелдин жанына атайын QR-код такта коюлган. Бул программа аркылуу айкел тууралуу маалымат алып, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү угууга болот.

Айта кетсек, элчиликтин имаратынын алдына манасчы баланын айкели орнотуларын Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев ушул жылдын апрель айында маалымдап, тиешелүү тараптарга ишти сентябрь айынан кечиктирбей бүтүрүү тапшырмасын берген.

Германиянын Берлин шаарына манасчы баланын айкели орнотулат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM