Биз менен байланышыңыз

Германиянын Берлин шаарына манасчы баланын айкели орнотулат

Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 226 | 0

Берлин шаарындагы Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин жанына «Манас» айтып жаткан баланын айкели орнотулат. Бул маалыматты элчи Өмүрбек Текебаев «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Айкелди коюу иштерин талкуулаган видеопосттун үстүнө элчи: «Манасчылар — өтө уникалдуу адамдар. Алар улуттун кодун сактап, коргоп, муундан-муунга берип келишет. Алардын аң-сезими, эс-тутуму, дүйнө таанымы башкача, сейрек кездешет. Алар — Кудай берген таланттар. Алар — улуттук байлык. Берлинде биз бала манасчынын айкелин орнотсок дейбиз. Алар жаш болсо да, улуттун көчүн улап, оор жүктү көтөрүп, улуу миссияны аткарып келишет», — деп жазды.

Ошондой эле айкелди орнотуудагы башкы максат «Манас» биздин тарыхыбыз эле эмес, келечегибиз экенин, «Манас» идеясы түбөлүктүү деген ойду берүү болорун билдирди элчи.

Өмүрбек Текебаев элчиликтеги кызматкерлерге айкелди орнотуу боюнча бир катар тапшырмаларды берип жатып, колунда бар патриот кыргыздарды көмөк көрсөтүүгө чакырды. Анын айтымында, айкелди кыргыз усталары Кыргызстанда жасашы керек. Мүмкүн болушунча, символикалык түрдө Жетим-Тоонун темиринен куюу жагын карап көрүү зарыл.

Маалым болгондой, айкелдин жанына атайын экран коюлуп, каалаган адам жандырса, «Манас» тууралуу, манасчылар тууралуу маалыматтар берилип, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылат. Андан тышкары ушундай эле маалыматты QR-код менен кирип, интернеттен алууга да шарт түзүлөт.

Элчилик айкелди ушул жылдын сентябрь айынан калтырбай бүткөрүүнү мерчемдөөдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM