Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин төрагасы туудагы Күн нурун өзгөртүүнү сунуштады

Кыска кабар | 28 Сен 2023 | 446 | 1

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоорду коомдук талкууга коюшту.

Мыйзам долбоордо туудагы Күн нурларынын формасын өзгөртүү демилгеленген.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

«Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен Күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы  диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы Күн нурунун толкун сымал формасын Күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат», — деп жазылган маалымкат-негиздемеде.

Ошондой эле Күн нурунун формасын өзгөртүүдө авторлор баштапкы этапта, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп иштеп чыгышканы айтылган. Аны менен катар мыйзамдын кабыл алынышы башка мыйзамдарга карама-каршы келбесин, коомдо терс кесепеттерди жаратпасын белгилешет авторлор.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM