Биз менен байланышыңыз

Ташкенттеги жарылуудан өспүрүм каза таап, бир канча адам жаракат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2023 | 538 | 0

Ташкент шаарынын Сергели районундагы кампа жарылып, бир өспүрүм каза таап, 163 адам жараат алды. Бул тууралуу Өзбекстан басылмалары жазып чыкты.

Кырсык 27-сентябрдан 28-сентябрга караган түнү болгон. Ташкент шаарынын Хонобод көчөсүндө жайгашкан Inter Logistics логистикалык борборундагы кампалардын бири жарылып кеткен.

Жарылуунун кесепети кампанын айланасындагы көп кабаттуу үйлөргө, дүкөндөргө, унааларга жана башка жайларга да тийген. Кырсыктан 2006-жылы туулган бир өспүрүм каза таап, 163 адам ар кандай жаракат алган. Алардын 24ү ооруканаларга жаткырылган.

Өзбекстан Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда, жарылууга кампага чагылгандын оту түшкөнү себеп болгон.

Бул боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси менен иш козгоп, окуяны иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM