Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган «Германия – Борбордук Азия» саммитине катышуу үчүн Берлин шаарына учуп кетти.
Иш сапардын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, «Германиянын экономикасынын чыгыш комитети» герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
— Биринчи айым Айгүл Жапарова;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
— Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.