Биз менен байланышыңыз

Бишкекте батирин ижарага бергендерден патент талап кылынууда

Коом , Экономика | 27 Сен 2023 | 492 | 0

Бишкектин райондук администрациялары тийиштүү органдар менен бирге үйүн ижарага мыйзамсыз бергендерге рейд жүргүзүүдө. Мэриянын маалыматына караганда, 16 үйдүн ээсине акт түзүлүп, төртөөнө патент берилди. Салык кызматы маалымдагандай, батир ээси салык режимин өзү тандап, же патент, же бирдиктүү салык же жалпы режим аркылуу төлөй алат. Ижарага берилген батирдин аянты 50 чарчы метрден ашса, бир айлык патенттин баасы 1500 сом болот. Ал эми батир ээлери патент төлөөгө каршы экенин, мындай текшерүүлөр ижара акысын жогорулатууга себеп болорун айтышууда. 

Элгина Талантова жети жылдан бери Бишкектин борборундагы 2 бөлмөлүү батирин ижарага берип келет. Ал айына 30 миң сомдон алат. Анын айтымында, үйдү ижарага берүүдө патент алына турган болсо, үй ээсине да, жашагандарга да кыйын болот. Себеби батир акысын кымбаттатууга туура келет.

«Кээде үйдү ижарага алгандар көпкө чейин жашайт. Айрымдары бир ай жашап, кетип калышат. Ортодо акча түшпөй калган учурлар болуп калат. Менин бир эле кирешем — ошол. Андан түшкөн акча менен балдарымды багам. Ал эми патентти убагында ай сайын төгүү керек. Акча түшпөй калган учурда кантип төлөйм? Жумушка чыгалбай, үйдө балдар менен жалгыз ошону карап отурам».

Дагы бир батир ээси Акдана Султанова төрт жылдан бери бир бөлмөлүү батирин ижарага берет. Коммуналдык жана башка төгүмдөр ошол ижара акынын ичинде болот.

«Патент төлөөгө каршымын. Эмне үчүн биз мамлекетке патент төлөшүбүз керек? Ал батирди өзүбүздүн акчага алганбыз. Бизге мамлекет жардам берген эмес. Патент төлөө үчүн ижара акысын көбөйтүү керек. Себеби анын ичинде коммуналдык кызматтар, домкомго акча, жууп-тазалаганга акча төлөйбүз. Үйдө бир нерсе бузулуп калса, оңдотуп беребиз».

Жыл башынан бери отуздан ашык рейд жүргүзүлүп, 1174 даректеги үйгө акт түзүлгөн, материалдар Салык кызматына жөнөтүлгөн.

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Райым Жолдошов борбор калаада мыйзамсыз ижарага берилген батирлерди текшерүү иштери уланарын эскертип, чогулган каражат жергиликтүү бюджетке түшөрүн белгиледи.

Жолдошов бул жерде батирди ижарага берген жана алган да адамдын укуктары корголорун кошумчалады.

«Былтыртан баштап бул ишти жүргүзүп жатабыз. Биздин жарандардын көпчүлүгү келишим түзүп жатканда патентти унутуп калышат. Жергиликтүү тургундардан арыздар көп түшкөндүктөн текшерүүлөрдү баштадык. Жумасына үч жолу жүрүп жатат. Салык кызматкерлери, ИИМ кызматкерлери менен чогуу рейдге чыгып жатабыз. Маалымат иретинде айта кетейин: Салык кызматынын кол борборуна 116 номуруна байланышсаңыздар, ошондой эле 3285 номуруна чалып, маалымат алсаңыздар болот».

Көп кабаттуу турак жайларда ижарага берилген батирдин чарчы метри үчүн айына патенттик негизде 30 сом, жеке үй болсо 40 сом төлөнөт. Аны бербегендерге 7500 сом, юридикалык ишкана болсо, 23 миң сом айып салынат.

Ал эми юрист Бексултан Осмонов үй ээси менен жашоочунун ортосунда түзүлгөн келишимдин мааниси чоң экенин белгиледи.

Анын айтымында, келишимде эки тараптын тең укуктары жана милдеттери так көрсөтүлөт.

Мындан сырткары юрист батирди ижарага берген адам сөзсүз мыйзам чегинде патент төлөшү керектигин түшүндүрдү.

«Патент да сөзсүз керек. Мыйзамга ылайык, ар бир ошол табылган акчадан ишкер салык төлөшү керек. Батирди ижарага бергенден ага каражат түшөт. Демек, түшкөн кирешеден салык алынат. «Эгер салык төлөсөк, ижара акысын көтөрөбүз» деген манипуляция туура эмес. Батирди ижарага бергенден кийин үй ээси бардык эсепти санап чыгышы керек. Туура баада, туура келишимде ижарага бериши керек. Аны алып жаткан адамдар да көрөт, «кереги барбы же жокпу?» деп. Патент да, келишим да керек».

Салык кызматынын түшүндүрмөсүнө караганда, батир ээси салык режимин өзү тандап, же патент, же бирдиктүү салык, же жалпы режим аркылуу төлөй алат. Ижарага берилген батирдин аянты 50 чарчы метрден ашса, бир айлык патенттин баасы 1500 сом болот.

Соңку бир жылда Бишкекте батирдин ижара акысы кескин өстү. Азыр орто эсеп менен көп кабаттуу үйдөгү бир бөлмөлүү батирдин бир айлык ижара акысы 25 миңден 40 миң сомго чейин, эки бөлмөлүү батирлер 30-50 миң сомдун тегерегинде.

Copyright © 2017 Maral FM