Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга электромобилдерди импорттоо өсүүдө

Коом , Экономика | 26 Сен 2023 | 438 | 0

Быйылкы жылдын январь-август айларында Кыргызстанга Кытайдан 4 миң 85 автоунаа импорттолгон. Кытайдын Бажы башкармалыгынын маалыматына шилтеме кылып, «Тазабек» порталы жарыялагандай, бул эки жыл мурдагы көрсөткүчтөн 6,4 эсе көп. Бул аралыкта Кытайдан ташылган автоунаалардын баасы да 79% кымбаттаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстан электромобиль импортунун көлөмүн көбөйтүп, унаалардын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алып келген. Кыргызстан ири көлөмдөгү электромобилдерди кабыл алууга даярбы? Аларга ылайык шарттар барбы? 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электромобиль айдагандар көбөйүп жатат. 2019-жылы өлкөдө мындай унаа саналуу гана болсо, учурда алардын саны 4 миңге чукулдады.

ЖИА-бизнес ассоциациясынын Жашыл экономика боюнча менеджери Азамат Дүйшеевдин айтымында, электромобиль – жаңы экономикалык модель жана учурдун талабы. Адамдын саламаттыгы, абанын таза болушу үчүн «жашыл транспортко» өтүү керек.

«Бишкектин абасын булгап жаткан үч негизги фактор бар. Алардын бири — транспорт. Аны колдонбой коё албайбыз. Ал эми «жашыл транспортту» колдонуу — абдан маанилүү. Кыргызстандын жол эрежелери кабыл ала алат. Кыргызстан буга сөзсүз өтүшү керек деп айтсак да, айтпасак да, ал — келечектин унаасы. Орто Азия өлкөлөрүнө келди. Кыргызстанга келип жатат. Бирок электр кубаттоочу станциялар жетишпей турат. Себеби электромобилдер көбөйүп жатат. Кубаттоочу жайларды көбөйтүү иштери мэрия тарабынан да жүрүп жатат».

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров август айында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында BYD Co Ltd электромобиль чыгарган корпорациясынын төрагасынын орун басары Иван Цао менен жолугушкан.

Тараптар Кыргызстанда электромобилдерди кубаттоочу станция куруу, ток менен жүрүүчү автоунааларды сатуу жана чыгаруу маселелерин талкуулашкан.

Электромобилдерди ташуу менен алектенген ишкер Дүйшөн Казакбаев бүгүнкү күндө бул унааны айдагандар көбөйүп жатканын тастыктайт.

Ошондой эле ал учурда электромобиль кубаттоочу жайларды куруу башка аймактарга да жайылтылып жатканын белгиледи.

Ал электромобилдерди кабыл алуу үчүн дагы кандай шарттар керектигине токтолду:

«Бир маселе бар. Бирок бул көйгөй жакынкы беш жылда пайда болбосо керек. Батареяларды кайра иштетүү керек. Жаңы эле келе баштады. Батареялар 20 жылга чейин иштей берет. Батареяларды утилизациялоо маселеси 5-6 жылдан кийин пайда боло баштайт. Ага чейин бизде бул маселенин чечүү жолдору табылып калса керек».

Буга чейин Кыргызстанда биринчи жолу электр унааларын кубаттоочу Supercharger аппараты жасалган. Аны Борбор Азияда алгачкылардан болуп «Маткасымов» компаниясы иштеп чыккан. Аппаратты иштеп чыгууга жарым жылдай убакыт керектелген. Жөнөкөй charger аппаратынын баасы 200 миң сомдон жогору болсо, Supercharger 1 миллион сомдон ашат.

Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында электромобилдер тууралуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Марлен Маматалиев электромобилдерди сатып алуу үчүн жарандарга бир катар жеңилдиктерди жана кызыктыруучу шарттарды түзүүнү сунуштады.

«Кошуна мамлекеттер да электромобилге өтүп жатат. Башка мамлекеттерде электромобиль айдагандарга стимул берилет. Биз да ошентишибиз керек. Электромобиль сатып алган жарандарга «жашыл номурларды» берип, аларга унаалардын салыгын 10%га чейин, жол эрежесин бузган учурда айып пулдун көлөмү 50%га арзандатууну, унаа токтотуучу жайларды бекер кылуу керек. Экинчи окууда электромобилдерди лизинг аркылуу сатып алуу шарттарын кароону ойлонуп жатабыз».

Депутат Султанбай Айжигитов электромобилдерге өтүүдө өлкөдө инфраструктура, электр энергиясы жетишсиз экенин айтат. Ал Кыргызстанды электромобилге өткөрүү эрте деп эсептейт.

«Биринчиден, электромобилдерге өтүү үчүн ага керектүү инфраструктура керек. Бизде бүгүнкү күндө канчалык талапка жооп бере тургандай шарт бар? Экинчиден, электр энергиясы өлкөдө жылдан жылга дефицит болуп жатат. Жаңы ачылган ишканаларды иштеткенге электр энергиясы жетишсиз болууда. Эгер электромобилдер көбөйүп кетсе, кандай таасир болот? Бул маселени кантип чечсе болот? Бул жагы кантип көзөмөлдөнөт?»

Август айында Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине электромобилдерди ташып келүүдө тарифтик жеңилдетүүнү узартууну сунуштаган.

ЕЭКтин былтыркы марттагы чечимине ылайык, бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен Кыргызстанга электромобилдердин айрым түрлөрүнөн 2022-жылы беш миң, ал эми 2023-жылы он миң даана алып келүүгө уруксат берилген.

Ушул жылдын март айында аталган министрлик мындай жеңилдикти дагы эки жылга узартууну сунуштаган. Долбоордо квотаны 2024-жылы 15 миңге, ал эми 2025 жылы 25 миңге жеткирүү жазылган. ЕЭК бул боюнча азырынча чечим кабыл ала элек.

Copyright © 2017 Maral FM