Биз менен байланышыңыз

Ниязбеков: Кызматтык милдетин так аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 269 | 0

Бүгүн, 25-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын кызматкерлерине онлайн кеңешме өткөрдү. Анда министр жаңы «Тартиптик устав» кабыл алынганын, мындан ары жаңы талап менен иштөө тартибин киргизе турганын билдирди.

Ага ылайык, ишин жөндөй албаган жетекчилерге сын-пикир айтып гана чектелбестен, бошотуу, наамынан ажыратуу сыяктуу чечимдер кабыл алынат.

Андан сырткары кылмыштардын ыкчам, кылдат иликтениши үчүн тергөө кызматына тапшырмаларды берди:

  • Катталган бардык кылмыш кылдат тергелип, сотко жөнөтүү процедурасы катуу көзөмөлгө алынсын;
  • Тергөө багыты боюнча начар иш алып барган райондук, шаардык жана облустук ички иштер органдарын аныктап, алардын жетекчилерине тартиптик чара көрүүнү тапшырам;
  • Тиешелүү кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөрдү ырастап, бардык ички иштер органдары бир нукта иш алып баруусу уюштурулсун;
  • Ар түрдүү коллизияларга жол бербөө максатында ченемдик-укуктук актыларга жана мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүп, кодекстерге шайкеш келтирүү иштери алып барылсын;
  • Аталган өзгөртүүлөрдүн алкагында «Таза тергөө» программасына кошумча функциялар жайгаштырылсын;
  • Жарандардын кайрылууларын калыс чечүү принциби сакталсын;
  • Арыз-даттануулардын тенденциясы боюнча республикалык деңгээлде мониторинг жүргүзүлсүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM