Биз менен байланышыңыз

Бишкекте карызы бар 6,8 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 279 | 0

Эртең, 26-сентябрдан тарта Бишкекте төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 миң 800 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Ишкананын «Абоненттин балансы» рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абонент өздүк эсебин каалаган учурда биле алышат.

Мындан сырткары абоненттер өз эсебин 1209, 105, 0(772)/0(702)/0(556) 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу борборуна кайрылып, сурап алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM