Биз менен байланышыңыз

Жакында «Кербен» аэропорту ишке кирет

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 250 | 0

Жакынкы күндөрү Жалал-Абад облусундагы «Кербен» аэропорту ишке кирет. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Кербен» аэропорту Ала-Бука, Чаткал жана Таш-Көмүр райондорунун тургундары үчүн аба каттамынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, өлкөнүн түштүк аймагындагы туризмди өнүктүрүүгө жана элдин жол көйгөйүн чечүүгө жардам берет.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө учуп-конуу тилкесинин туурасы 15 метрге кеңейтилип, учурда 35 метрди түзүп, RJ-85 үлгүсүндөгү учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 1740 метрге жетип, учактарды күндүз кабыл алууга шарт пайда болду.

Кошумчалай кетсек, «Кербен» аэропортун куруу 1976-жылы башталып, 1980-жылы биринчи учак конгон. Акыркы учак 2007-жылы конгон, андан кийин аэропорт ишин токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM